Редакцияот 18.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-марты № 23

«Жер тилкени бөлүп берүү жөнүндө”

Кызыл-Туу айылындагы Билал көчөсүндө мечиттин жанынан парк курууга өлчөмү 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Кызыл-Туу айылынын тургундарынын арыз-кайрылуусун карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Туу айылындагы Билал көчөсүндө мечиттин жанынан парк куруу үчүн аянты 0,12 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Джылжымышовго тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жеке турак жай куруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кенештин төрагасы

Иманалиев К.Ю.