Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-февралы № 3

Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн менчикке алуу жөнүндө

8 – чакырылышынын кезексиз сессиясы

Бакайыр айылдык кеӊешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясында Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн менчикке алуу жөнүндө чечимине ылайык Бакайыр айылдык аймагынын Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.    Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн Бакайыр айыл өкмөтүнүн менчигине алынсын.

2.    КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура филиалынан мамлекеттик акт алынсын.

3.    Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү милдети Бакайыр айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С. Байышевге жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Жаныкул уулу К.