Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-февралы № 4

Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу тоо кыркаларында жайгашкан эӊ бийик чокусуна “Бакай - Ата” чокусу ысымын ыйгаруу жөнүндө

8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

Бакайыр айылдык кеӊешинин 8- чакырылышынын кезексиз сессиясынын Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Бакайыр тоо кыркаларында жайгашкан эӊ бийик чокусуна “Бакай - Ата” чокусу  ысымын  ыйгаруу жөнүндө маселени карап, талкуулап  Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.    Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Бакайыр тоо кыркаларында жайгашкан  эӊ бийик чокусуна “ Бакай - Ата” ысымы ыйгарылсын.

2.    Бул токтомдун аткаруу жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Жаныкул уулу К.