Редакцияот 20.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (VII шайланган) XIV сессиясы

2022-жылдын 20-июлу № 10

2022-жылдын январь айынан июль айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө жана тармактан тармакка акча каражатын которуу жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын 6 айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.2022-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин:

- салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын эсебинен пландан сырткары 6 256 000 сом; патенттин негизиндеги салыктан 2 353 500 сом; ишмердүүлүк максатында пайдалануучу мүлк салыгынан 405 000 сом бардыгы болуп 9 014 500 сом пландан сырткары жыйналган акча каражаты топтолгондугу белгиленсин.

2. Чыгаша жагы 70629 – «Турак жай жана коммуналдык кызматтар» тармагынын 3111 статьясынын чыгыша жагына 9 014 500 сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.

3. 70921 Мектептер тармагынын 3111 статьясынан 800 000 сом жана 3112 статьясынан 700 000 сом, баары болуп 1 500 000 сом акча каржаты 70629 турак жай жана коммуналдык кызматтар тармагынын 3111 стаьясына 1 500 000 сом каражатын каржылоого уруксат берилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З. Г. Нурдинов