Редакцияот 02.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин ( Жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2022-жылдын 2-ноябры № 7

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү бюджетинин 9 айында аткарылган иштери жөнүндө маалыматы

Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Маматовдун маалыматын жана Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун жергиликтүү бюджеттин 9 айында аткарылышы боюнча малыматтарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

ТОКТОМ кылат:

1.    Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Ф.Э.бөлүмүнүн башчысынын жергиликтүү бюджеттин 9 айында аткарган иштери эске алынсын.

2.    Айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын 9 ай ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

3.    2022-жылдын 9 айында эконом болгон акча каражаттарын тармактан-тармакка которууга макулдук берилсин.

4.    Жергиликтүү бюджеттин 2022-жыл ичинде аткарылышы боюнча жылдык отчету жыл аягында айылдык кеңештин сессиясында угулсун.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин атайын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З. Г. Нурдинов