Редакцияот 02.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XVI сессиясы

2022-жылдын 2-ноябры № 8

2022-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө жана тармактан тармакка акча каражатын которуу жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын тогуз айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кенири талкуулангандан кийин айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин

- салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын эсебинен пландан сырткары 100 000 сом;

- патенттин негизиндеги салыктан 246 500 сом,

- ишмердүүлүк максатында пайдаланылуучу мүлк салыгынан 3 100 000 сом,

Бардыгы болуп 3 446 500 сом пландан сырткары жыйналгандыгы белгиленсин.

2. Чыгаша жагы 70629 – “Турак жай жана коммуналдык кызматтар” тармагынын 3111 статьясынын чыгаша жагына 3 446 500 сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З. Г. Нурдинов