Редакцияот 22.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 22-августу № 41

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылын Кенжебай айылы деп өзгөртүү жөнүндө

1992-жылдын 6-мартындагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин XXI чакырылышындагы VIII сессиясында Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылынын атын Кенжебай айылы деп өзгөртүү боюнча депутаттардын чечими чыккан, мына ушул чыккан чечим өз күчүндө калсын деп Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2022-жылдын 19-март күнү жалпы айылдын элдик жыйынында жана 1992-жылдын 17-февралынан бери сунушталып келе жаткан Киров айылынын атын Кенжебай айылы деп ыйгарылсын..

2.    Кенжебай айылы деп өзгөртүүнүн мыйзамдаштыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым:

 

Г.А.Матиева