Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2004-жылдын 4-майы N 330
Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 12-мартындагы № 115, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы N 265 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, экспорттук контроль жаатында ченемдик-укуктук базаларды андан ары өнүктүрүү жана массалык кыргын салуучу куралдарды түзүү, аны ташып келүү каражаттары жана курал-жарактар менен аскердик техниканын башка түрлөрү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон контролдонуучу продукцияларга (мындан ары - контролдонуучу продукция) карата экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жобо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги экспорттук контролдонууга тийиш продукциялардын экспорту, импорту жана реэкспорту боюнча экспорттук контролду ишке ашыруу, тышкы экономикалык операцияларды лицензиялоо жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу анын транзитине уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, контролдонуучу продукциялардын түрлөрү боюнча эксперттер катары аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу талаптарды аткаруу жана "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы N 607 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: