Редакцияот 29.01.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
              Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                       2022-жылдын 25-марты № 166                     токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-январы № 41                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде айлана-чөйрөнү         коргоо, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын           кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын учурунда                иш-чараларды уюштуруу боюнча 2010-жылга                      чейинки чаралардын пакетин                            бекитүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын   Президентинин   "Кыргыз   Республикасынын"2010-жылга  чейин  элетти  комплекстүү  өнүктүрүү" улуттук стратегиясыжөнүндө" 2004-жылдын 23-июнундагы № 210 Жарлыгын ишке ашыруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде  айлана-чөйрөнү  коргоо,табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу,  өзгөчөкырдаалдардын учурунда иш-чараларды уюштуруу боюнча 2010-жылга  чейинкичаралардын  тиркелген  Пакети (мындан ары - Чаралардын пакети) бекитил-син.     2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:     - Чаралардын  пакетин  ишке  ашыруу  боюнча  конкреттүү  чаралардыкөрүшсүн;     - ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук  мезгилден  ки-йинки  айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экология жанаөзгөчө  кырдаалдар  министрлигине  Чаралардын  пакетин  ишке  ашыруунунжүрүшү жөнүндө жалпылоо үчүн маалымат берип турушсун.     3. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар  минист-рлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийин-ки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Чаралар-дын пакетин ишке ашыруу жөнүндө топтомо маалымат берип турсун.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана коргонуу жана укук коргоо органда-рынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Н.Танаев