Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 578 токтому менен бекитилген |
Жол-транспорт кырсыктарын каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 299 , Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жол-транспорт кырсыктарын каттоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасында жол-транспорт кырсыктарын каттоо тартибин аныктайт.
2. Каттоо авариялуулуктун абалын баалоо, жол-транспорт кырсыктарынын пайда болуу шартын жана себептерин талдоо жана бул шарттар менен себептерди жоюуга чара көрүү үчүн жүргүзүлөт.
3. Ушул Эрежелерде пайдаланылган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
"жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол менен бара жаткан учурундагы же анын катышуусу менен адамдар каза таап же жараланган, транспорт каражаттары, жүктөр, башка курулуштар бүлүнгөн, же материалдык чыгым алып келген окуя;
"жол" - ыңгайлаштырылып жана транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн пайдаланылган жердин тилкеси же жасалма курулуштун үстү. Жол өзүнө бир же бир нече машина жүрүүчү бөлүктөрдү, тротуарды, жолдун жээгин жана эгер бар болсо, бөлүп туруучу тилкелерди камтыйт;
"транспорт каражаты" - жол менен адамдарды, жүктөрдү жана өзүнө орнотулган жабдууларды ташууга ылайыкташтырылган түзүлүш (автомобиль, мотоцикл, мотороллер, мотоколяска, мопед, тагылган мотору бар велосипед, мотонарта, троллейбус, трактор, өзү жүрүүчү машина, ошондой эле жүк артылган жана минилгеи жаныбарлардан башка ат арабалар);
"транспорт каражаттарынын ээси" - менчигинин формасына карабастан транспорт каражаттарынын ээлери же транспорт каражаттарын белгиленген тартипте пайдаланышкан же тескешкен жеке адамдар жана юридикалык жактар;
каза болгон – жол-транспорт окуясы болгон жерде каза болгон же анын кесепетинен улам 30 сутканын ичинде өлгөн, каза болушуна жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында алган жаракаттары себепкер экенин соттук-медициналык экспертизанын корутундусу ырастаган адам;
жарадар – жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында анын ооруканага бир суткадан кем эмес мөөнөткө түшүшүн шарттаган дене жаракаттарын алган, анын ичинде жол-транспорт кырсыгы болгон учурдан тартып үч суткадан кечиктирбестен дарылоочу- профилактикалык мекемелерге кайрылган, ошондой эле кырсык менен алынган жаракаттардын ортосундагы себеп-натыйжа байланышын ырастаган медициналык корутунду (анын ичинде соттук-медициналык экспертизанын) болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылган адам;
башкалар – кырсык болгон жерде алгачкы дарылоодон же амбулаториялык кабыл алуудан тышкары, ооруканага жаткырууну талап кылбаган жеңил жаракат (чийилген так, сыйрык, көгөрүү) алган адамдар.
Эскертүү: жеңил жаракат алган адамдар жөнүндө маалыматтар (“башкалар” категориясы) өзүнчө жүргүзүлөт жана негизги статистикалык отчетко киргизилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жол-транспорт кырсыктарын каттоо:
- ички иштер органдары;
- транспорт каражаттары бар ишканалар, уюмдар, министрликтер жана мекемелер;
- жол жана коммуналдык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Дарылоочу-профилактикалык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан жол-транспорт кырсыктарынан жабыр тарткандардын эсебин жүргүзүшөт.