Редакцияот 02.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезексиз-V сессиясы

 

2021-жылдын 2-августу № 12

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата , Кызыл-Ураан айылдары таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу ,ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

 Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата ,Кызыл-Ураан айылдары Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу , ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарынын жашоочуларынын ар биринин үйүнө ичүүчү таза сууну киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифи №1 тиркемеге ылайык, 1(бир) метр аралыкка 140(бир жүз кырк)сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

А. Дөөлөткелдиев

 

2021-жылдын 02-августундагы Үч-Терек айылдык кенешинин VIII - чакырылышыны кезексиз V-сессиясынын №12 токтомуна

1- тиркеме

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата , Кызыл-Ураан айылдары таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын эсеби

 

Трактордун жалпы чыгымдары

 

Аталышы

Баасы(сом)

Мотор майы 2айда бир жолу

5000

Шланг бир айда

3000

Шлангдын майы

1500

1насос 1курулуш сезонго

9000

Майда ремонт(сварка,болт)

3000

 

Трактордун бир айлык чыгымдары

 

Аталышы

Баасы(сом)

Мотор майы

2500

Шланг

3000

Шлангдын майы

1500

насос

1500

Майда ремонт

1500

Жыйынтыгы

10000

 

Бригаданын чыгымдары жана ГСМ

 

Аталышы

Баасы(сом)

Труба 1м

30

Трактористтин айлыгы бир айга

3000

ГСМ трактор 1 кундо 32л

1500

Бригадирдин айлыгы бир айга

10000

ГСМ бригадир 1айга

2000

Эки жумушчунун айлыгы 1 күнгө

700*2=1400

 

Бригаданын чыгымдары жана ГСМ 1 күнгө

 

Аталышы

Баасы(сом)

Труба

2100

Трактористтин айлыгы

136

Бригадирдин айлыгы

454

Эки жумушчу

1400

ГСМ трактор

1500

Трактордун ремонт иштерине

455

ГСМ ( бригадага)

90

Жыйынтыгы

6135

 

 70м*140сом=9800сом

 10000сом (трактордун бир айлык чыгымдары)/22күн=454с

 6135сом+454сом=6589с-жалпы бир күндүк чыгаша

 9800-6589=3211с

 6589=67%

 3211=33%

 33%-резерв (ГСМ, труба кымбаттаса) , 70м ден аз казган учурларда ордун толуктайт(чопо жерлер).Анан эн негизги бул келишим түзгөнгө, ТУ чийгенге жана счетчиктердин көрсөткүчтөрүнүн актированиесине керектүү кагаз жана канцтоварларга жумшалат.

 

Үч-Терек таза суу муниципалдык

 ишканасынын директору:

 

Н.Молдомусаев