Редакцияот 24.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы

 

2021-жылдын 24-марты № 295

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу жайыт жерлерди тактоо үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу жайыт жерлерди тактоо үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.

 А.Акматалиев- жайыт комитетинин төрагасы-комиссиянын төрагасы

 Мүчөлөрү:

 М.Бердигулов- айылдык кеңештин депутатты

 Э.Бусурманов- айылдык кеңештин депутатты

 М.Мейманжанов- айылдык кеңештин депутатты

 А.Кыйбаев- айылдык кеңештин депутатты

 Ө.Төрөкулов- айылдык кеңештин депутатты

 М.Өктөмбеков- айылдык кеңештин депутатты

 Э.Мутуев- айылдык кеңештин депутатты

 Б.Табалдиев- айылдык кеңештин депутатты

 Э.Ажыкулов- айыл өкмөтүнүн жер адиси

 Д.Шайлообеков- айыл тургуну

2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен жана Сандыкол, Кочкор-Дөбө, Жору-уя жайыт жерлерин жеринен тактап келүү жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеӊештин төрагасы:

 

К.Байсопуев