Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 268

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимов атындыгы орто мектебинин мугалими, эл агартуунун отличниги Жамалова Калия Анваровнага “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин депутаты Э.Сагынбековдун сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камыш-Башы айыл аймагындагы №35 А.Ибраимов атындыгы орто мектебинин кесиптик кошунунун 15.01.2021-жылдагы №4 токтомунун негизинде, А.Ибраимов атындыгы орто мектебинин ангилис тили мугалими, эл агартуунун отличниги Жамалова Калия Анваровнанын билим берүү тармагында көп жылдык эмгектерин баалап “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.

2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеӊештин төрагасы:

 

К.Байсопуев