Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVIII-сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 274

 Кызыл-Өзгөрүш айылындагы маданият үйүнүн имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн атайын эсептен каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн жетекчиси К.Тангабаевдин сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы маданият үйүнүн имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн атайын эсептен 900,0миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айылындагы маданият үйүнүн имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн атайын эсептен 900,0миң сом акча каражатын бөлдүрүү, КРнын курулуш жана финансы талаптарына ылайык, өз мөөнөтүндө белгиленген ишти аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеӊештин төрагасы:

 

К.Байсопуев