Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-апрели № 156 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык, КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чык-кан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнынЭкономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечиминин 4-пунктунаылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагычечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эреже-сине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кењешинин2004-жылдын 3-декабрындагы чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Респуб-ликасында товарлардын келип чыгышын ырастоочу сертификаттарды берүүдөкөрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдинкүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду КыргызРеспубликасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шерик-тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышынкийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоо менен ага жалпы конт-ролдукту камсыз кылат. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр К.Бакиев