Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 171 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-апрели № 171

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

         Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан

           администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын

            Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук

                    комиссиясынын балансына өткөрүп

                             берүү жөнүндө

 

                             (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465, 2015-жылдын 14-июлу № 483 токтомунун                            редакциясына ылайык)

 

     "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук  комиссиясы  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жањы ре-

дакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  жана  мурда

кабыл  алынган чечимдерди шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети аныкталган тартипте:

     - Кыргыз  Республикасынын  Тышкы  иштер министрлиги менен бирдикте

Бишкек шаары,  Раззаков көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан администрациялык

имаратты  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук  комиссиясынын  балансына,  аталган  имараттын Кыргыз  Респуб-

ликасынын  Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы-

нын структураларын жайгаштыруу  үчүн өткөрүп берсин;

    - (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465, 2015-жылдын 14-июлу № 483

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мам-

лекеттик  комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органда-

рынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча - топтомо реест-

рге аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы  №

596  "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук  комиссиясына  жайларды   бекитип   берүү   жөнүндө"   токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;

     - 4-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын.

     4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-июлундагы N 357

"Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы N

836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым  чечимдерине  өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

     5. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 К.Бакиев