Бишкек шаары, Өкмјт үйі2005-жылдын 14-июну №219 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттик архив кызматтарынынжетекчилеринин консультациялык кењешин түзүү жөнүндө чечимин бекитүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалыккењешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москва шаарында колкоюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчөмамлекеттердин Мамлекеттик архив кызматтарынынжетекчилеринин консультациялык кењешин түзүү жөнүндөчечиминин 4-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткаруу максатында, ошондой эле
«Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө» жана
«Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Көз карандысыз Мамлекеттер ШериктештигининЭкономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москвашаарында кол коюлган Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттик архивкызматтарынын жетекчилеринин консультациялык кењешин түзүүжөнүндө тиркелген
чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин. 2. Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышыүчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик архив кызматына жүктөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикархив кызматы жыл сайын 10-январга карата КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратына Чечимдинаткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун. 4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинеКыргыз Республикасы Чечимдин күчүнө кириши үчүн керектүүмамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндөмаалымдасын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев