Редакцияот 26.07.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-июлу № 318                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу              нормативдик укуктук актыларынын электрондук                   маалыматтар базасын түзүү жөнүндө      "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 74  ток-томуна  ылайык,  ошондой эле мыйзам чыгаруу иш-аракетинин абалы жөнүндөөз ара аракетти жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында Кыргыз  Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде чыгарылып  жатканнормативдик  укуктук  актылардын электрондук маалыматтар базасы (мынданары - маалыматтар базасы) түзүлсүн,  ал коомдук  талкуулоо  үчүн  кийинКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгашты-рылсын.     2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комисииялар, ошондой эле мамлекеттик башка органдаржана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):     - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине макулдашууга  жибе-рилчү  нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтардыалардын тексттеринин электрондук форматын кошо берип,  маалымат базасы-нын каралган бардык формаларын толтуруу менен маалыматтар базасына жай-гаштырышсын;     - маалыматтар базасын кароо жана жањылоо,  ошондой эле иштелип чы-гуучу нормативдик укуктук актылардын  долбоорлору  жөнүндө  маалыматтарбазасына    маалыматтарды   киргизүү   үчүн   юридикалык   кызматтардын(бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылышсын.     3. Кыргыз  Республикасынын  Юстиция  министрлиги төмөнкүлөрдү ишкеашыра тургандыгы белгиленсин:     - мамлекеттик  органдардын юридикалык кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн)жооптуу кызматкерлерин окутат,  ошондой эле  маалыматтык  базасы  менеништөө үчүн идентификациялык аталыштарды жана паролдорду ыйгарат;     - маалыматтар базасын пайдалануу  боюнча  мамлекеттик  органдардыниш-аракетин координациялайт;     - маалыматтар базасын өз учурунда толтуруу мониторингин  жүргүзүп,мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү маалыматтар база-сын түзүүгө байланыштуу маалыматтарды сурап алат жана көрсөтмөлөрдү бе-рет.     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жана Кыргыз Респуб-ликасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 К.Бакиев