Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2005-жылдын 13-августу № 370

Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)

Менчиктештирүү боюнча нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

       - (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо.

      (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтомунун 1-пунктунун экинчи жана бешинчи абзацтары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 277 токтомунун 2-пунктунун 2) пунктчасы.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов