Редакцияот 17.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-августу N 374                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                "Каракече" кенинде көмүр казууну кайрадан                калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис                            чаралар жөнүндө      "Каракече" кенинде  көмүр казууну тез арада кайрадан калыбына кел-тирүү, ошондой эле ушул кенди иштетүүчү ишканаларды финансылык-экономи-калык  жакшыртуу  боюнча  иш-чараларды  жүзөгө ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Каракече"  кенинде абалды турукташтыруу боюнча Нарын облусунунмамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору Ж.К.Азыловдун, На-рын  облусунун  Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысыП.Н.Керимовдун жана "Көмүр"  мамлекеттик  ишканасынын  башкы  директоруП.П.Рахмановдун жеткиликсиз иштери белгиленсин.     2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:     - "Каракече" кенинде разрездерди басып алуу фактысы жана келтирил-ген материалдык зыяндар боюнча  тартипсиздикти  уюштуруучуларга  каратаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрсүн;     - карьердин кызматкерлеринин коопсуздугун жана жабдуулардын сакта-лышын камсыз кылсын.     3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  2005-жылдын  30-ав-густуна  чейин  "Көмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр тармагын өнүктүрүүүчүн 2005-жылга каралган "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 20  млн.сом бөлүп берсин.     4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана  коммуникациялар  минист-рлиги Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-ги, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы жана "Каракече" кенининкөмүр казуучу ишканалары менен бирдикте:     - Дыйкан-Каракече автомобиль жолун тез арада калыбына келтирүү бо-юнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;     - оор жүктүү автотехниканы көтөрө  жана  эњ  чоњ  ташкын  сууларынөткөрө алган тиешелүү көпүрөлөрү менен аталган жолду андан ары капитал-дык курууну камсыз кылсын.     5. Бишкек  шаарынын  жергиликтүү  өз  алдынча  башкармалыгына жана"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна тапшырмага ылайык  Бишкекшаарынын  ТЭЦине көмүр ташуу үчүн "Көмүр" мамлекеттик ишканасына ай са-йын 7,4 млн.  сом өлчөмүндө акча каражаттарын төлөп  берүүнү  камсыздоосунушталсын.     6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна жана Кыргызтурак-жайкоммунсоюзга  2005-жылдын 25-августуна чейин 2004/2005-жылдын от жа-гуу сезонунда Бишкек шаарынын ТЭЦине жана Кыргызтуракжайкоммунсоюз объ-ектилерине берилген көмүр үчүн көмүр казуучу ишканаларга карыздарын жо-юу сунушталсын.     7. Нарын  облусунун мамлекеттик администрациясы 2005-жылдын 25-ав-густуна чейин 2004/2005-жылдын от жагуу  сезонунда  облустун  бюджеттикуюмдарына берилген көмүр үчүн көмүр казуучу ишканаларга карыздарын жой-сун.     8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенство,  "Көмүр" мамлекеттик ишкана-сы, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы, Нарын облусунун Жумгалрайонунун мамлекеттик администрациясы көмүр  ишканаларынын  жетекчилерименен  бирдикте  2005-жылдын аягына чейин төмөнкү көлөмдөрдө "Каракече"кенинде көмүрдү тынымсыз казып алууну камсыз кылышсын:     - "Ак-Улак разрези" МАК - 80 мињ тонна;     - "Беш-Сары-К" ЖЧК -100 мињ тонна;     - "Шарбон" ЖАК - 50 мињ тонна;     - "Ак-Жолкөмүр" ЖЧК - 30 мињ тонна;     - "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧК - 3 мињ тонна.     9. "Ак-Улак разрези" МАКынын,  "Беш-Сары-К" ЖЧКынын, "Ак-Жолкөмүр"ЖЧКынын, "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧКынын жетекчилерине үч айлык мөөнөттө жу-мушчу комиссиялары Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Геологияжана  минералдык  ресурстар  боюнча  мамлекеттик агенствосу жана КыргызРеспубликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине  караштууӨнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекци-ясы тарабынан аныкталган тартип бузууларды жоюу сунушталсын.     10. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы "Ак-Улак разрези" мамлекеттик ак-ционердик коомун финансылык жана уюштуруучулук жакшыртуу боюнча  сунуш-тарды  2005-жылдын  25-августуна  чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкиргизсин.     11. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик салыкинспекциясы "Каракече" кенинде  иштеген  ишканалар  тарабынан  сатылганкөмүрдүн көлөмүнүн эсебин өзгөчө контролго алсын.     12. Бул токтомдун аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПрмьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казыпалуу тармагы бөлүмүнө жана коргонуу жана укук коргоо органдарынын иште-ри боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министрдин милдетин аткруучу           Ф.Кулов