Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 5-сентябры N 405 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2004-жылдын 1-мартында кол коюлган Макулдашууну бекитүү тууралуу Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2004-жылдын 1-мар-тында кол коюлган Макулдашуунун 19-статьясында каралган мамлекеттик ич-ки жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2004-жылдын1-мартында кол коюлган тиркелген Макулдашуу бекитилсин. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун аткарылышы үчүн жооптуу бо-луп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясыжана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто-мобиль инспекция башкармалыгы аныкталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Ма-кулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жобо-лорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу монгол тарапка бил-дирсин. Премьер-министр Ф.Кулов