Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

     КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банк Башкармасынын       2022-жылдын 18-февралындагы № 80/68-6 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2005-жылдын 9-сентябры №420/21/4

 

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА

                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

                                ТОКТОМУ

 

                Кыргыз Республикасындагы накталай эмес

                      эсептешүүлөр жөнүндө жобону

                           бекитүү тууралуу

 

     Финансы-банк системасындагы   жана   эсептешүүлөр   системасындагы

жүргүзүлүп  жаткан  реформаларга ылайык Кыргыз Республикасында накталай

эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин өркүндөтүү жана белгилөө  мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улут-

тук банкы токтом кылышат:

     1. Кыргыз  Республикасындагы  накталай  эмес  эсептешүүлөр жөнүндө

тиркелген жобо бекитилсин.

     2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик комиссиялар, коммерциялык банктар жана башка финан-

сы-кредиттик мекемелер, ошондой эле ишканалар, уюмдар (макулдашуу боюн-

ча) жана мамлекеттик мекемелер бул Жобону аткарууга алышсын.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  жана Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын 2001-жылдын 10-декабрындагы №773/30/8 "Кыргыз Респуб-

ликасындагы  накталай эмес эсептешүүлөр тууралуу" токтому күчүн жоготту

деп табылсын.

     4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

     Кыргыз Республикасынын                Кыргыз Республикасынын

     Премьер-министри                      Улуттук банкынын төрагасынын

                                           милдетин аткаруучу

 

     Ф.Кулов                               Ш.Молдоканов