Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                        КР Ѳкмѳтγнγн

                 2015-жылдын 26-марты № 162

                токтомдун редакциясына ылайык

                        кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-октябрындагы № 466

 

 

              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

    

        "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн

          пенсиялар жөнүдө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз

       Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы

            № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

                        киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

     "Кыргыз  Республикасынын  алдында  өзгөчө эмгеги  үчүн  пенсиялар

жөнүндө  жобону  бекитүү  тууралуу" Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн

1998-жылдын  19-февралындагы  № 82  токтому  менен  бекитилген  Кыргыз

Республикасынын  алдында  өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө  жобого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

     6-пунктта:

     - "Мыйзам  чыгаруу  жыйыны  жана Эл өкүлдөр  жыйынынын  төрагасы"

деген сөздөр алып салынсын;

     - "Бишкек   шаарынын"  деген  сөздөр "Бишкек  жана  Ош  шаарынын"

деген сөздөргө алмаштырылсын;

     7-пунктта:

     - д) пунктчасы  "жумуштун"  деген   сөздөн   кийин ", нотариалдык

конторада же архивдик  мекемеде  күбөлөндүрүлгөн" деген  сөздөр  менен

конторада же архивдик  мекемеде  күбөлөндүрүлгөн" деген  сөздөр  менен

толукталсын;

     - е) пунктчасында "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;

     8-пунктта:

     - "бир ай" деген сөздөр "эки ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

 

     Премьер-министр                            Ф.Кулов