Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2010-жылдын 8-декабрындагы №309 редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын
(номердик агрегаттарды) сатуунун тартибин жана алардын наркын баалоонун
методикасын белгилейт.
2. Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик
агрегаттарды) сатуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу бо-
юнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобо менен
белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражаттарын (номердик
агрегаттарды) сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке
адамдар боло алышат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 7-апрелиндеги №
138-б буйругуна ылайык мамлекеттин менчигинде турган транспорт каражат-
тарын (номердик агрегаттарды) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республи-