КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-декабры, №560 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, протоколдуктапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын, сын пикирлерин жанасунуштарын аткаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышканынбелгилейт. Бул иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Өкмөтүнүнрегламенттеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 2005-жылдын 28-мартынан 1-октябрына чейинки мезгилде КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратында Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин 34 токтому жана 22 протоколдук тапшырмасы, КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин депутатгарынын 474 пикири жанасунуштары, 355 жазуу жүзүндөгү суроо-талабы контролго алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 34 токтомунун 29у боюнчамаалымат берилген, анын ичинен 25 токтом боюнча маалымат мөөнөтүкечиктирип берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 22протоколдук тапшырмасынын 16сы боюнча маалымат берилип, анын ичинен13ү боюнча маалымат берүү мөөнөтү кечиктирилген. Ушуну менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининжогоруда аталган токтомунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЖогоркуКењештин чечимдерин өз убагында жана толук аткаруу боюнча жетиштүүчара көрүлүшун камсыздабайт, көп учурда жооптор өз убагында берилбейт,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерин аткаруунун абалыжөнүндө маалымат бийликтин аткаруучу органдарынын биринчи адамдарынанэмес, жооптор конкреттүү эмес, көтөрүлгөн проблемага тиешесиз берилетдеп айтылган. Кечиктирбестен чечүүнү талап кылган курч проблемалардын биритабигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу болуп эсептелет. 2005-жылы болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жанажабыркаган калкка жардам көрсөтүү маселелери Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин жыйындарында үч жолу каралган. Натыйжада КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин 4 токтому жана 3 протоколдуктапшырмасы кабыл алынып, аларда негизинен табигый кырсыктардынкесепеттерин тез арада жоюу, алардын алдын алуу жана жоюу, жабыркаганкалкты башка жерге көчүрүү жана турак жайын калыбына келтирүү үчүнжењилдиктүү ссудалар менен камсыздоо боюнча иштерди каржылоомаселелери коюлган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бардык төрт токтому боюнчатийиштүү министрликтерге конкреттүү тапшырмалар берилген, бирок алардаайтылган проблемалар ушул кезге чейин чечиле элек. Республикадагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн каражатбөлүү, табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган калкка узакмөөнөттүү ссудаларды берүү маселеси толук чечиле элек. Республиканын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоогобайланыштуу абал мурдагыдай эле татаал бойдон калууда. Бул проблема эки жылдан бери көтөрүлүп келатат, ал мурдагыпарламентте да талкуунун предмети болуп келген. Бул маселе азыркыпарламентте да өзгөчө курч коюлуп, эки токтом жана бир протоколдуктапшырма кабыл алынган. Көрүлүп жаткан уюштуруучулук-укуктук чараларга карабастан өлкөдөпаспорттук кризисти жоюуга жетишиле элек. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бир нече токтомуреспубликанын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абалынаарналган® Жерлерди өз эркинче басып алуу жана «Кара-Кече» көмүркенинде мыйзамды жана укуктук тартипти камсыздоо проблемалары дачечиле элек. Депутаттар көп көтөргөн маселелердин бири калкты ичүүчү таза сууменен камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бул проблемабоюнча эки протоколдук тапшырма (16.05.05-ж. № 15 жана 23.06.05-ж. №28) кабыл алган. Бирок депутаттардын ичүүчү таза суу менен камсыздоопроблемасы боюнча суроо-талаптарына Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен берилген маалыматтаДүйнөлүк банктын жана Азиялык өнүктүрүү банкынын Кредит берүүдолбоорунун шарттарынын региондордогу реалдуу абалды чагылдырбаганүзүндүлөрү такай келтирилип, депутаттардын жүйөлүүнааразылыктарын жаратууда (чыгыш № 01-3/454, 22. 06.05-ж.). Депутаттардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларындареспубликанын жалпы билим берүүчү мектептсринин окуучуларын окуукитептер, мектептик эмерек менен камсыздоо маселеси көп коюлат,ошондой эле жалпы билим берүүчү негизги сабактар боюнча мугалимдердинжетишсиздиги белгиленет. Ошондой болсо да, Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги бул көрсөтүлгөнпроблемалар боюнча толук айкындыкка жетише албай жатат. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининчечимдерин жана депуттаттардын суроо-талаптарын өз убагында аткаруубоюнча толук чаралар көрүлбөйт. Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына келген34 токтомунун 6 сында түздөн түз жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынатапшырма берилген пункттар бар. Бул тапшырмалардын аткарылышын талдаганда алардын аткарылышыжонүндө маалымат бардык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардантолук келбегени көрүндү. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 30-майындагы № 445 «Республиканын калктуу конуштарын жана айыл чарбажерлерин суу басууга байланыштуу проблемаларды чечүү боюнчакечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын мамлекеттикадминистрацияларынан, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин2005-жылдын 18-апрелиндеги № 158 «Кыргыз Республикасындагы саясий жанасоциалдык-экономикалык абал жөнүндө» токтому боюнча Нарын, Ысык-Көл,Талас, Баткен облустарынан жана Бишкек шаарынын мэриясынан көрүлгөнчаралар жөнүндө маалымат берилген эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маалымат министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын колуменен жиберилген фактылар уланууда. Депутаттык суроого формалдуу, үстүрт мамиле кылган фактылар бар.Депутат К.Т.Коњгантиевдин Бүргөнду айыл өкмөтүнүн Ноошкен айлында 600дөн ашык адамдын жер ээлөө боюнча укуктарынын бузулганы тууралуу суроо-талабына Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы ушул кезгечейин жооп бере элек. Бардыгы 359 депутаттык суроо-талаптын 16сына жооп берилген эмес. Министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин тармактык комитеттери менен байланышым иштөөнүкамсыздашпайт. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтержана ведомстволор маалымат беришкенине карабастан КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин 20 токтому комитеттерде контролдончыгарылган эмес. Министрликтер менен ведомстволор демилге көтөргөн мыйзам долбоорлорбоюнча иштин абалы да ушундай. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен алынган маалыматтардыталдаганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттеринде2005-жылдын октябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000-жылдан2005-жылга чейинки мезгилде демилге көтөргөн 139 мыйзамдын жанатоктомдун долбоору каралбастан турганы көрүндү, бул министрликтердинжана ведомстволордун аларды жылдыруу боюнча иштеринин жетишсиздигинайгинелейт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынбашкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарын, сын пикирлерин жана сунуштарын аткаруу боюнча, ошондой элепарламенттин тармактык комитеттери мепен өз ара байланышта иштөөбоюнча иши олуттуу жакшыртууну талап кылат. Башкармалар мененбөлүмдөрдүн иштеринде мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына келген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининчечимдерин, депутаттардын суроолорун маселени чечүү үчүн талдабастан:«Карап чыгып, жообун депутатка, көчүрмөсүн Премьер-министрдинАппаратына берињиздер» деген резолюция менен министрликтерге,мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жиберүүпрактикасы басымдуу. Натыйжада көп учурда толук каралбаган жанапарламенттин депутаттарын канааттандырбаган жүйөөсүз жооптор берилет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, протоколдуктапшырмапарын жана депутаттардын суроо-талаптарын өз убагында жанасапаттуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 26-сентябрындагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининтоктомдорун, протоколдук тапшырмаларын, депутаттардын суроо-талаптарынаткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө»токтому аткарууга алынсын. 2. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын,администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, облустардынмамлекеттик администрация башчыларынын, Бишкек жана Ош шаарларынынмэрлеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттеринин чечимдерининжана депутаттардын суроо-талаптарынын сапаттуу жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышы үчүн жекежоопкерчиликтери белгиленсин. 3. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери: - коллегиялардын жыйындарында Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин чечимдери аткарылышын карашсын; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен келген ар бирдокументтин толук аткарылышын камсыздашсын, зарыл болсо аларда коюлганмаселелер боюнча негиздүү жана толук жоопту Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө беришсин; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маалыматты мамлекеттикбашкаруу органынын биринчи жетекчисинин колу менен, алар жок болгонөзгөчө учурларда гана - биринчи орун басарлардын колу мененжиберишсин; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык комитеттерименен аткарууда турган документтерди контролдон чыгаруу боюнча иштитуруктуу негизде жүргүзүшсүн; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун,депутаттардын суроо-талаптарынын жана кайрылууларынын аткарылышына айсайын мониторинг жүргүзүшсүн жана жыйынтыгын Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жанабөлүмдөрүнө жиберишсин. 4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынбашкармалары жана бөлүмдөрү: - мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининчечимдерин, депу таттардын суроо-талаптарын, кайрылууларын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылышына катууконтролду камсыздашсын; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына келген жанаКыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна аткарууүчүн жиберилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунунжана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комитеттерининчечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат республиканын парламентине алмаалыматтар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратындааныкталган тартипте экспертизадан өткөндөн кийин гана жиберилишинкамсыздашсын; - мыйзам долбоорлоруна демилге көтөргөн тийиштүү министрликтер жанаведомстволор менен бирдикте алардын Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин комитеттерине өткөрүлүшүн жана каралышын такай байкоогоалышсын; - көрсөтүлгөн документтердин аткарылышына аныкталган тартипте айсайын мониторинг жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнө маалыматберишсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешиндеги туруктуу өкүлү: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечимдерин жанадепутаттардын суроолорун аткаруунун жүрүшү жөнүндө КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешине квартал сайын маалымат берсин; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги мыйзам долбоорлордукароонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрүнө квартал сайын маалыматберсин. 6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен төмөнкүлөр суралсын: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана анын комитеттерининаныкталган тартипте бекитилген мамлекеттик бюджетти көбөйтүүнү жеазайтууну, ошондой эле мамлекеттин финансылык милдеттенмелеринөзгөртүүнү караштырган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененсөзсүз макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйынын учурунда оозекиайтылган суроо-талаптарды аткаруу бийлигинин органдарына жана алардынкызмат адамдарына «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин регламентижөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 250-статьясына ылайыкдепутаттардын колу менен гана жиберүү. 7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жанаОш шаарларынын мэриялары бул токтомдун аткарылышы жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө 2006-жылдын 1-февралына карата маалыматберишсин. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппарат жетекчисине -министрге жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов