КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-декабры № 572 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 10 айы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым социалдык-экономикалыккөрсөткүчтөр жагынан отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча белгиленгенмаксаттарга жетишилбегендигин белгилейт. 2005-жылдын 10 айында ИДП өндүрүшү өнөр жайда 9,0 процентке жанаайыл чарбасында 4,1 процентке төмөндөөнүн эсебинен 0,3 процентке азай-ган. Инфляция 2,7 процентти түзгөн. Мында тамак-аш азыктарына баа 5,1процентке, азык-түлүк эмес товарларга - 1,7 процентке жана акытөлөнүүчү кызматтарга - 1,0 процентке өскөн. Күйүүчү-майлоочу материал-дар бул мезгилде 21,2 процентке кымбаттап, бул нефтиге дүйнөлүк баанынөсүшүнөн жана Кыргызстандын рыногуна ГСМ берүүлөрдөгү үзгүлтүктөрдөнулам келип чыккан. 2005-жылдын 10 айында АКШ долларынын расмий курсу 1 АКШ долларыүчүн 40,85 сомду түзгөн жана 1,86 процентке төмөдөгөн. Банк системасында депозиттердин көбөйүү тенденциясы сакталууда.Алсак, ушул жылдын башынан тартып депозиттер 34,9 процентке өскөн; бе-рилген кредиттердин көлөмү 17,1 процентке өскөн. Ошону менен бирге элекредиттер боюнча проценттик ставкалар али да болсо жогору бойдон калуу-да (24%-25% дењгээлинде). Тышкы соода жүгүртүү 2005-жылдын 9 айында 1254,0 млн. АКШ долларынтүзгөн жана өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 5,4 проценткеөскөн. Мында экспорт 487,6 млн. АКШ долларын түзүп, 6,7 процентке азай-ган, ал эми импорт - 766,4 млн. АКШ долларын түзгөн жана 14,8 проценткеөскөн. Импорт көлөмүнүн өсүшү жана экспорттун кыскарышы соода балансы-нын терс сальдосу 144,7 млн. АКШ долларынан 278,8 млн. АКШ долларыначейин көбөйүшүн шарттаган. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2005-жылдын 10 айында 16087,4 млн.сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушундай дењгээлине салыштырганда 11,1процентке өскөн. Бюджеттик кирешелердин көбөйүшү негизинен салыктыктүшүүлөрдүн 16,0 процентке өсүшү менен шартталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясы мамлекеттик бюджетке 6315,1 млн. сом суммасында каражаттардынтүшүүсүн камсыздап, өткөн жылдын ушундай мезгилине карата ал 19,5 про-центке өскөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-циясынын жыйымдары 7063,0 млн. сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушундаймезгилине салыштырганда 12 процентке өскөн. Республикалык бюджеттин учурдагы чыгымдары 2005-жылдын 10 айында(мамлекеттик карызды жоюуга багытталган чыгымдарды эске албаганда)12253,0 млн. сомду түзгөн жана өткөн жылдын январь-октябрына салыштыр-ганда 10,4 процентке көбөйгөн. Мында корголгон статьялар боюнча чыгым-дар 13,7 процентке, атап айтканда республикалык бюджеттен эмгек акы бо-юнча - 1 1,4 процентке өскөн. Нарын клубу менен макулдашууларга ылайык кредиторлордун тышкы ка-рызын реструктуралаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жасалгаништердин натыйжасы Россия, Германия, Франция, Дания менен карызды рест-руктуралаштыруу боюнча эки тараптуу макулдашууларга кол коюу жана Япо-ния менен алмашуу ноталарына кол коюу болуп саналат. Реструктуралашты-руунун кошумча шарты 2005-2008-жылдардын мезгилинде проценттик милдет-тенмелердин бөлүгүн капиталдаштыруу болуп калды. Түркия жана Корея менен сүйлөшүү процесси жүрүүдө. ПакистандынӨкмөтү Кыргыз Республикасы үчүн гранттык каражатта 10 млн. АКШ долла-рындагы кредитти конверттеди. Экономиканын реалдуу секторундагы кырдаал бир кылка эмес. Өнөржайда кен казып алуу өнөр жайында жана көбүнчө кайра иштетүүчү тармактаөндүрүш көлөмдөрүнүн кыскарышы белгиленген. Өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда көмүр казып алуу 19,7процентке, жаратылыш газы - 14,2 процентке кыскарган. Кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш 11,8 процентке, анын ичиндеметаллургиялык өндүрүштө - 24,2 процентке, негизинен "Кумтөр" кенин иш-тетүү боюнча ишканаларындагы көлөмдөрдүн кыскарышынан улам төмөндөгөн. Алтын казып алуу көлөмүн көбөйтүү үчүн Жерүй жана Талды-Булак СолЖээк кендерин өздөштүрүүнү тездетүү, ошондой эле "Макмал" кенинин жералдындагы запастарын. Солтон-Сары кениндеги "Алтын-Төр" участогунункарьердик запастарын иштетүүнү камсыздоо жана Терексай руднигиндеги ба-йытуу фабрикасын реконструкциялоо зарыл. "Кара-Балта тоо кен комбинаты", "Хайдаркан сымап комбинаты", "Май-луусуу электр лампа заводу" акционердик коомдору сыяктуу ири ишканалар-да өндүрүш көлөмү төмөндөп кеткен, Кыргыз-кытай кагаз фабрикасы иштебейтоктоп турат. Электр энергиясын иштеп чыгуу өткөн жылдын ушундай дењгээлине ка-рата 1,7 процентке азайган, бул аны Россияга (59%ке) жана Тажикстанга(73%ке) берүүлөрдүн кыскарышы менен шартталган. Ошону менен бирге элеКазакстанга (117,6%) жана Кытайга (106,6%) электр энергиясын экспорттукберүүлөрдүн көлөмү көбөйгөн. Мында электр энергетика секторунда коромжулардын өсүшү байкалат.Алсак, 2005-жылдын 9 айында коромжулуктар 43 процентти түзгөн, ошол элеубакта өткөн жылдын ушундай мезгилиндеги коромжулуктар 41 процент бол-гон. 2005-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү2004-жылдын тиешелүү дењгээлине карата 6,5 процентке, анын ичинде суу-сундуктарды жана тамекини кошо алганда тамак-аш продуктуларын өндүрүү2,4 процентке, тамеки буюмдарын өндүрүү - 10 процентке көбөйгөн. Ошону менен бирге этти өнөр жайлык өндүрүү 12,7 процентке, кант -50,0 процентке, этил спирти - 10,4 процентке, арак - 6,9 проценткеазайган. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө "Аксуужүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" акционердик коомунун жүгөрүнүкайра иштетүүчү заводунун ишке кириши көмөктөшөт. Бул ошондой эле жањыжумушчу орундарын түзүүгө, дандык жүгөрү өстүргөн фермерлер үчүн сатыпөткөрүүнүн гарантияланган рыногун камсыз кылууга, республикалык жанажергиликтүү бюджеттерди толуктоого мүмкүндүк берет. Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн өсүшү 2005-жылдын ян-варь-октябрында Бишкек шаарында (8,4%ке), Баткен (13,2%ке), Талас(9,9%ке) жана Нарын облустарында (1,6%ке) белгиленген. Өнөр жайөндүрүшүнүн темптеринин төмөндөшү Жалалабатта (7,4%ке), Ысыккөлдө(18,5%ке), Ошто (7,6%ке), Чүйдө (22,1%ке) жана Ош шаарында (12,8%ке)байкалат. 2005-жылдын октябрында 170 өнөр жай ишканасы же алардын жалпы са-нынын 27,7 проценти толугу менен токтоп калган. Ушул жылдын 10 айында 2004-жылдын ушундай мезгилине салыштыргандакылкандуу дан өсүмдүктөрү 7,6 процентке (же 144,2 мињ тоннага), пахта -13 процентке, картошка - 16,3 процентке, жашылча - 1,5 процентке,мөмө-жемиш - 19,2 процентке аз өндүрүлгөн жана тамекини өндүрүү көлөмүгана өткөн жылдын дењгээлинде болгон. Ушул жылдын 1-ноябрына карата 148,5 мињ тонна кант кызылчасы жый-налган, бул кант заводдору сунуштаган келишимдердин өтө начар шарттары-нан улам себүү аянттары дээрлик эки эсеге азайгандыктан улам өткөн жыл-дын дењгээлинен 295,8 мињ тоннага (33,3%) аз. 2005-жылдын 10 айында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 6,8 проњенткекөбөйгөн. Соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын оњдоо боюнча кыз-мат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 13,3 процентке, мейманканалар жана ресторан-дар боюнча 12,1 процентке, почта жана электр байланышы боюнча 26,2 про-центке өскөн. 2005-жылдын январь-октябрында объекттерди курууга, реконструкция-лоого, кењейтүүгө жана техникалык жактан кайра жабдууга 7629 млн. сомнегизги капиталга инвестициялар жумшалган же бул 2004-жылдын 10 айынындењгээлине карата 86,4 процент. 2004-жылдын январь-октябрына салыштырганда чет өлкөлүк гранттардынжана гуманитардык жардамдын эсебинен негизги капиталга инвестициялардыөздөштүрүү темпи 64,2 процентке, жергиликтүү бюджеттин каражаттары -42,5, чет өлкөлүк кредиттер - 32,2, калктын каражаттары жана башкалар -17,4 процентке азайган. 10 айдын ичинде курулуш көлөмдөрүнүн реалдуу өсүшү өткөн жылдынтиешелүү дењгээлине карата 1,9 процентти түзгөн. Транспортто жана байланышта негизги капиталга 920,2 млн. сом ин-вестициялар жумшалган (алардын жалпы көлөмүнүн 12,1%). Бишкек-Ош, Биш-кек-Курдай жана Ош-Өзгөн автожолдорун реконструкциялоо жүрүүдө, аларнегизинен чет өлкөлүк кредиттин - өздөштүрүлгөн инвестициялардынкөлөмүнүн 81,4 процентинин эсебинен ишке ашырылууда. Азыркы убакта Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен Кытай-Кыргызстан шоссетрассасынын биринчи кыргыз участогун реабилитациялоо боюнча иштер аяк-тады. 2005-жылдын 10 айында 147 млн. сом өздөштүрүлгөн. Жалпы аянты 380,2 мињ кв.метр болгон 3770 квартира пайдалануугаберилди. Бул өткөн жылдын январь-октябрындагы дењгээлден 6,8 проценткекөп. Айыл жерлеринде курулган турак жайдын көлөмү 239,6 мињ кв. метрди(анын жалпы аянтынын 63%и) түздү. Электр энергетика объекттерин куруу темптери азайган. Мында негиз-ги капиталга 848,4 млн. сом же өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата70,7 процент өздөштүрүлгөн. Табигый кырсыктын алдын алуу жана жоюу максатында 122 объектидеавариялык-калыбына келтирүү жана курулуш иштери жүргүзүлгөн, натыйжада2005-жылдын 10 айында (Чолпоната шаарында шыктуу балдар үчүн мектеп ку-рууга Иран грантын эсепке алганда) 220,9 млн. сом өздөштүрүлүп, негизгифонддордун жалпы наркы 95,4 млн. сомдук 35 объектти пайдаланууга кирги-зилген. Сел жана суу ташкындарын коопсуз өткөрүү боюнча иштерди, ошондойэле социалдык-маданий багытындагы жана саламаттык сактоо объекттериноњдоо боюнча иштерди уюштурууда райондук мамлекеттик администрацияларгажардам көрсөтүү үчүн 2005-жылдын 10 айында жалпы суммасы 38 млн. сомгоматериалдык ресурстар акысыз бөлүнгөн. Ошону менен бирге корүлүп жаткан кандайдыр бир алдын алуучу чара-ларга карабастан, өлкөнүн ар бир регионунда иш жүзүндө өзгөчө кырдаал-дардын келип чыгышына реалдуу өбөлгөлөр али да сакталып, алардын алдыналуу жана зыянды азайтуу боюнча чечиле элек бир топ проблемалар бар.Жаратылыштык өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунда 1,5 млн.донашуун калкы бар 1832 калктуу конуш, ошондой эле ар кандай багыттагы 1,5мињ объект коркунучта турат. Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, оперативдүү аракет кылуу жанааны жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрли-гинин подразделениелери башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер,администрациялык ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн на-тыйжалуу системасын түзүү жана жоопкерчилигин так аныктоо, алардынфункциясын бөлүштүрүү зарыл. Кирешеси аз калктын жашоо дењгээлин жогорулатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү быйылкы жылы пенсиянын базалык бөлүгүн 258 сомөлчөмүндө аныктаган. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү дифференциалдыктүрдө жогорулатылган. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынынкызматкерлеринин эмгек акысы - 50 процентке, маданияттыкы - 30 процент-ке, билим берүү (жогорку окуу жайларынан тышкары) жана саламаттыктысактоо кызматкерлериники - 15 процентке жогорулаган. Натыйжада 2005-жылдын январь-сентябрында орточо эмгек акы 12,1процент дењгээлинде реалдуу өсүш менен 2449,9 сомду түзгөн. Орточо эм-гек акынын минималдуу керектөө бюджетинен (1834,87 сом) ашышы 2005-жыл-дын январь-сентябрында 33,5 процентти түзгөн. Социалдык пособие алуучулардын саны 54,4 мињ адамды түздү, булөткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 2,8 мињ адамга көп. Соци-алдык пособие алуучулардын 90 проценттен ашууну майып балдар болуп са-налат. 2005-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча эмгек акы жана Кыргыз Рес-публикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жагынан жергиликтүү бюджет-тердин карызы 82,5 млн. сомду түздү. Быйылкы жылдын 1-ноябрына карата 64,1 мињ адам жумушсуздук расмийстатусуна ээ, бул өткөн жылдын ушундай убагына салыштырганда 10,6 про-центке көп. Республика боюнча расмий түрдө катталган жумушсуздук дењгэ-эли 3,1 процентти түзөт. Экономиканы турукташтыруу, 2005-жылдын 15-октябрындагы республика-лык кењешмеде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган мил-деттерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 2005-жылдын кал-ган мезгилинде экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө жол бербөө боюнча таа-сирдүү чараларды көрүшсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунуш кылын-сын: - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте 2005-жылы 4,7 проценттен ашпаган инфляциянын максаттуу дењгээ-лин камсыздоо; - коммерциялык банктардын капиталын көбөйтүү жана 2005-жылдын акы-рына карата уставдык капиталды 60 млн. сомго чейин жогорулатуу боюнчачараларды ишке ашыруу; - 2005-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасында чакан каржылоонуөнүктүрүүнүн 2006-2010-жылдарга орточо мөөнөттүү стратегиясын кабылалуу. 3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги: - "Кара-Балта тоо кен комбинаты", "Хайдаркан сымап комбинаты "Май-луусуу электр лампа заводу", "Бишкек машина куруу заводу", "Текстиль-щик" акционердик коомдорунун, "Дастан", "Интергласс" ТНКнын, Бишкекштамптоочу заводу (БШЗ) мамлекеттик ишканасынын туруктуу иштешин кам-сыздоо боюнча чараларды көрсүн; - 2006-жылдын I кварталында 2006-2008-жылдардагы Кыргыз Республи-касында туризмди өнүктүрүүнү мамлекеттик башкаруунун оптималдаштырылгансистемасын жана мамлекеттик саясатын иштеп чыксын; - 2006-жылдын I кварталынын аягына чейин 2006-2008-жылдарга КыргызРеспубликасында ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштепчыксын; - 2006-жылдын I кварталында мамлекеттик контролдоочу органдардыныйгарым укуктарын алардын функцияларын кайталоону жоюу жана Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Контролдоочу, укуккоргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин иште-рине кийлигишүүлөрүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 23-ию-лундагы № 284
Жарлыгына шайкеш келүү предметине текшерүү жүргүзсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги Ош - Сары-Таш - Эркештам автожолун реабилитациялоонун биргелешкендолбоорун кытай тараптын өкүлдөрү менен иштеп чыгууну тездетсин. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 282
токтомунда белги-ленген "2006-жылдын түшүмүнө күздүк өсүмдүктөрдү айдап-себүү программа-сын" сөзсүз аткаруу максатында жер айдоо, коњтормо салуу жана күздүккылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнү жүргүзүүнү тездетүү боюнча кыскамөөнөттө кечиктирилгис чараларды көрсүн; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, "Кыргызтамеки-си" МАКы менен бирдикте "Реемстма-Кыргызстан" акционердик коому тарабы-нан сигарет чыгарууга ага берилген эксклюзивдүү укукту жоюунун кесепе-тинен анын инвестициялык макулдашууну аткаруусун жана республикалыкбюджетке кошумча финансылык мүмкүн болуучу түшүүлөрдүн эсептерин жана"Реемстма-Кыргызстан" акционердик коому тарабынан дооматтар болуп кал-са, анын жоготууларын 2005-жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө анализ-деп чыксын. 6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги 2006-жылдын I кварталынын аягына чейин 2006-2008-жылдарга ма-йыптарга мамлекеттик колдоо боюнча конкреттүү чаралардын пакетин иштепчыксын. 7. Кыргыз Республикасынын Миграция жана калкты иш менен камсыздообоюнча мамлекеттик комитети: - "Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"мыйзам долбоорун 2006-жылдын I кварталдын аягына чейин даярдасын жанабелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-публикасынын Маданият министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынынчет өлкөлөрдө иштеген жарандарынын эмгектик жана социалдык укуктарынкоргоону камсыз кылсын, ошондой эле аларга улуттук маданий өз алдынча-лыгын сактоодо гуманитардык жардам көрсөтсүн; - 2006-жылдын аягына чейин Россия Федерациясынын кеминде үч ириөнөр жай шаарларында соода борборлорун түзсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына визаларын узартуу, элчиликтердежана башкы консулдуктарда Кыргыз Республикасынын 2004-жылдынүлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун өз учурунда алуу жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык 1994-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жа-рандык паспорттордун колдонуу мөөнөттөрүн узартуу маселелеринде кон-сультациялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызалтын" акционердик ко-ому менен бирдикте: - "Талды-Булак Сол Жээк" кени боюнча уюштуруу жана долбоордук иш-терди аяктасын жана 2006-жылы кен байытуу комбинатын активдүү куруунубаштасын; - Жерүй кенинин объекттерин курууну аяктоо боюнча чаралардыкөрсүн; - 2006-жылдын ичинде Макмал кенинде жер алдындагы рудниктин долбо-ордук кубаттуулугун толук өздөштүрүүнүн эсебинен "Макмалалтын" комбина-тынын туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыздасын; - "Солтон Сары" жана "Терексай" рудниктеринин туруктуу иштеринкамсыз кылсын. 10. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - нефтепродуктулар рыногунда баа жагынан өз ара сүйлөшүп алууларгажол бербөө максатында монополияга каршы саясат чараларын күчөтүү; - квазифискалдык тартыштыктын белгиленген дењгээлин аткарууну кам-сыздоо боюнча энергокомпаниялар менен бирдикте чараларды көрүү; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте 2005-жылдын 25-декабрына чейин кант кы-зылчасынын 2006-жылдагы түшүмүн кабыл алуунун жана кайра иштетүүнүншарттарын бекитүү боюнча чараларды көрүү. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетикажана газ боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте "Түндүк электр"акционердик коомун концессияга же ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүбоюнча ишти активдештирүү. 11. "Аксуудагы жүгөрүнү кайра иштечүүчү кант комбинаты" акционер-дик коомуна жүгөрүнү кайра иштетүүчү комбинаты эксплуатацияга даярдоожана киргизүү боюнча бардык ишти толугу менен жүргүзүүнү, ошондой элеушул жылдын аягына чейин тростник чийки кантты берүүлөргө келишимтүзүүнү жана аны 2006-жылдын I кварталында кайра иштете баштоону камсызкылуу сунуш кылынсын. 12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаар-ларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик мекемелердинкызматкерлерине эмгек акы боюнча карыздарын 2005-жылдын аягына чейинжоюшсун; - республикалык бюджетке каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу комму-налдык кызмат көрсөтүүчүлөргө саламаттык сактоо уюмдарына карыздарынжоюуну сунуш кылышсын; - 2005-жылдын аягына чейин каржылоонун зарыл көлөмүн аныктоо мененжумуш орундарын түзүү жана 2006-жылга иш менен камсыздоону жогорулатуубоюнча программаны иштеп чыгышсын. 13. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2006-жыл-дын I кварталынын аягына чейин: - жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарын ал-дын алуу жана жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининтөрагалыгы менен ведомстволор аралык мамлекеттик комиссия уюштуруу үчүнзарыл даярдык иштерин аяктасын; - жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарданкалктын жана аймактардын комплекстүү коопсуздугунун 2006-2010-жылдардынмезгилине концепциясынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындаКризистик кырдаалдарды башкаруу борборун колдонууга киргизсин. 14. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "2004-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2005-жылга милдеттери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-февралындагы № 96
токтому; - "2004-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2005-жылга милдеттери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-февралындагы № 96 токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 24-майындагы № 192
токтому. 15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары мененбөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов