Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-декабры, №578 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы чектөөлөрдү этаптуу жоюу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» жана
«КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык, Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагычектөөлөрдү этаптуу жоюу жөнүндө протоколдун 2-пуктуна ылайык мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатьшда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Тбилиси шаарында 2005-жылдын 3-июнунда кол коюлган КМШгакатышкан мамлекеттердин өз ара соодасындагы чектөөлөрдү этаптуу жоюужөнүндө тиркелген
протокол (мындан ары - Протокол) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы булПротоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткарганы жөнүндө билдирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов