Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 586
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Мамлекеттик архив агенттигинин негизги милдеттери III. Мамлекеттик архив агенттигинин функциялары IV. Мамлекеттик архив агенттигинин укуктары V. Мамлекеттик архив агенттигинин ишин уюштуруу VI. Мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо VII. Мамлекеттик архив агенттигин кайра уюштуруу жана жоюу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттиги (мындан ары Мамлекеттик архив агенттиги) мамлекеттик башкару-унун архив тармагындагы борбордук органы болуп саналат. 2. Мамлекеттик архив агенттиги өз ишмердигинде Кыргыз Республика-сынын
Конституциясын,
"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынынбашка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жа-на буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буй-руктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын архив ишинтармактык жана тармактар аралык башкарууну тикеден-тике, ошондой элеоблустук мамлекеттик архивдер аркылуу жүргүзөт. Мамлекеттик архив агенттигинин тутумуна борбордук мамлекеттик ар-хивдер, документтештирүү Борбору, облустук мамлекеттик архивдер жанаалардын филиалдары, райондук, шаардык мамлекеттик архивдер, маалыматтыктехнология Борбору кирет. Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентининархивинин ишмердигине илимий-усулдук жетекчилик жүргүзөт. 4. Мамлекеттик архив агенттиги юридикалык жак болуп саналат, ке-чиктирилгис башкаруу укугундагы мүлкү, өз алдынча балансы, казыналыктармактагы эсеп-кысабы, өздүк аталышындагы бурчтук штампы, бланктары,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик,расмий тилдерде өздүк аталышы бар мөөрү болот. Агенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомс-тволук баш ийүүдөгү уюмдарын кармоо чыгымдары республикалык бюджет эсе-бинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каржылоонунбашка булактарынан жүзөгө ашырылат. 3. Мамлекеттик архив агенттиги мамлекеттик бийлик органдары мененөз ара байланышта иштейт, башка мекемелер жана уюмдар менен алардынменчиктик формаларына карабастан кызматташтыкты жүргүзөт. II. Мамлекеттик архив агенттигинин негизги милдеттери 6. Мамлекеттик архив агенттигинин негизги милдеттери болуп сана-лат: - Архив тармагында мамлекеттик саясатты аныктоо жана аны жүзөгөашыруу; - Республикада архив ишин башкаруу, архив мекемелеринин ишмерди-гиндеги бардык багыттарды жолго салуу; - Республикада архив ишинин абалын анализдөө жана аны өнүктүрүүнүнстратегиясын аныктоо; - борбордук архив мекемелерин башкаруу, алардын иштешин камсыз кы-луу; - Кыргыз Республикасынын архивдик мыйзамдарын колдонуу практикасынжалпылоо; - Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын архивиштери боюнча мыйзамдарын физикалык жана юридикалык жактардын кыйшаюсузаткаруусуна көзөмөл жүргүзүү; - жањы маалымат технологияларын колдонуу боюнча иштерди уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун түзүү, сакталышынкамсыз кылуу жана пайдалануу; - мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын (менчиктик формасына кара-бастан) ишкердигиндеги түзүлгөн документтерди алып барууда мекемеликархивдердин иштерине уюштуруу-усулдук жетекчилик; - Кыргыз Республикасынын Улуттук фондунун документтеринин борбор-доштурулган мамлекеттик эсебин; - архив иштеринин тармагында эл аралык байланыштарды жүзөгө ашы-руу. III. Мамлекеттик архив агенттигинин функциялары 7. Мамлекеттик архив агенттиги өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайыктөмөндөгү функцияларды ишке ашырат: - архив иши боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат, архивмыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана аны өркүндөтүү боюнчабелгиленген тартипте сунуш киргизет; - архив ишин өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун курамын аныктайтжана аны түзүүнү уюштурат, анын ичинде аны Кыргызстандын чегинен тышка-ры жерлердеги тарыхый-маданий мурастардын документтери менен толуктоонууюштурат; - мамлекеттик архивдерди жалпы мамлекеттик мааниси бар документтерменен комплектилөөнү жана мамлекеттик архивдерде сактоону уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтеринөзгөчө баалуу жана сейрек документтерге киргизүү жөнүндө маселени че-чет; - айрым объектилерди Кыргызстандын маданий мурастарынын өзгөчө ба-алуу объектилеринин мамлекеттик жыйындысына киргизүү маселесин чечүүгөкатышат; - мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук фондунундокументтерин пайдалануунун тартибин жана документтерди сактоонун та-лаптарын аныктайт, алардын аткарылышын көзөмөлгө алат; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерининкайсыл жерде сакталгандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан алардынборбордоштурулган мамлекеттик эсебин жүргүзөт; - архив документтерине маалыматтык-издөө системаларын түзүүнү,анын ичинде автоматташтырылган технологияларды колдонуу жолу менентүзүүнү уюштурат; - мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар менен бирдик-те иш кагаздарын жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын колдонууну уюшту-рат, аны колдонуу боюнча илимий-усулдук жетекчиликти ишке ашырат; - өз компетенциясынын чегинде архив ишинин маселелери, иш кагазда-рын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдаржана ишканалар милдеттүү түрдө аткара турган усулдук колдонмолорду иш-теп чыгат жана бекитет; - документтердин сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн типтүү тизмесин иштепчыгат жана бекитет, мекемелер тарабынан иштелип чыгылган документтердинтармактар боюнча сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн тизмегин карап чыгат жанабекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө ка-рабастан мекемелерде документтердин эсебин жүргүзүүнүн тартибин, ылгоо-ну. сактоону жана пайдалануусун аныктайт; - өзүнүн укугунун чегинде архив жаатындагы мыйзамдардын сакталышынкөзөмөлдөө-күзөтүүнү жүзөгө ашырат; - мамлекеттик органдар, ишканалар, уюмдар. мекемелер менен бирдик-те иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматтардын жана архивдердин иштерин жак-шыртуу чараларын жүзөгө ашырат, анын ичинде иш кагаздарын жүргүзүүнүнабалы боюнча кароо жана мекемелик архивдердин ишкердигин өнүктүрүү ча-раларын көрөт; - мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелер-дин кайрадан өзгөртүлүп түзүлгөн жана жоюлган учурларында архивдик до-кументтердин сакталыш абалы жана сакталган жери жөнүндө тыянактардыберүүнү уюштурат; - архивдик документтерди Кыргыз Республикасынын чегинен сырткарыалып чыгуунун тартибин аныктайт; - жеке менчиктеги жана чет өлкөлөргө алып чыгууга суралган архив-дик документтерди экспертизадан өткөрүүлөрдү уюштурат; - мамлекеттик архивдерде сакталып турган серептөөчү документтикмаалыматтарды аларды ар тараптуу колдонуу үчүн көрсөтүүлөрдү уюштурат,серептөөчү документтик маалыматтарды жана документтерди пайдалануу на-тыйжалуулугун жогорулатуу боюнча коомдук керектөөлөрдү үйрөнүү иштеринуюштурат; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жа-рыялайт, архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча илимий, или-мий-популярдык, илимий-усулдук, маалыматтык адабияттарды, жарнак-тык-билдирүүлөрдү чыгарат; - архив таануу, документ таануу, археография тармагында или-мий-изилдөө жана усулдук иштерди уюштурат жана багыттайт; - ата мекендик жана чет элдик архив мекемелеринин иш тажрыйбаларынүйрөнүп жалпылайт, белгиленген тартипте илимий-практикалык конференция-ларды, кењешмелерди, семинарларды өткөрөт, архив иштери жана иш кагаз-дарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча көргөзмөлөрдү уюштурат; - архив мекемелеринин жана мекемелик архивдердин кызматкерлерининквалификациясын жогорулатууну уюштурат; - мамлекеттик архив кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактанкоргоону камсыз кылат; - Мамлекеттик архив агенттигинин тутумундагы мекемелердин кызмат-керлеринин эмгек шартын жакшыртуу жана аларды социалдык жактан коргоомаселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөт; - юридикалык жана физикалык жактарга өзүнүн компетенциясынын че-гинде тариф боюнча, антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттик органменен макулдашуунун негизинде акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт; - архив мекемелерине бюджеттен тышкары каражаттарды алып келүүнүнмеханизмин иштеп чыгат жана шарт түзөт; - жарандардын арыздарынын, сунуштарынын жана даттанууларынын өзубагында каралашын уюштурат, баш ийүүсүндөгү мекеме, уюмдардын ишкерди-гинде көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү чараларын көрөт; - башка мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын архив тармагында-гы кызматташтыгын өнүктүрөт, эл аралык архивдик уюмдардын иштерине ка-тышат. IV. Мамлекеттик архив агенттигинин укуктары 8. Мамлекеттик архив агенттигине өзүнүн алдында турган милдеттердиаткарууда укуктар берилет: - белгиленген тартипте финансы жана кадр маселелерин чечүүгө; - мамлекеттик архивдердин комплектилөө булактары болгон мекемелер-дин жана мамлекеттик, же мекемелик архивдерде сакталуучу документтердинкурамын аныктоого; - мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер-ден, уюмдардан жана ишканалардан, ошондой эле жарандардан алардагы Кыр-гыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтердин курамы ме-нен көлөмүн, аларды сактоо жана пайдалануу шарттары жөнүндо маалымат-тарды алууга; - документтерди сактоонун мөөнөтүн аныктоого; - документтердин сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн типтүү тизмесин иштепчыгууга жана бекитүүгө; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерининсакталышын, пайдаланылышын, иш кагаздарын жүргүзүүдө, документтердиуюштурууну камсыз кылууда байкалган кемчиликтерди четтетүү боюнча өзкомпетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишка-налар үчүн аткарылууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - Мамлекеттик архив агенттигинин коллегиясында мекемелик архивдер-дин иши жана мамлекеттик органдарда, мекемелерде, уюмдарда, ишканалардаиш кагаздарын уюштуруу маселелерин кароого; - архив мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарынжана жарандарды жоопко тартуу жөнүндө белгиленген тартипте маселеничечүүгө; - архив ишинин маселелерин жана мамлекеттик бийлик, башкаруу ор-гандарында иш кагаздарын жүргүзүүдө иштелип чыгылуучу документтердиуюштуруу боюнча ченемдик-усулдук документтерди макулдашууга; - мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар тарабынаништелип чыккан архив иштери жана иш кагаздарды жүргүзүү маселелери бо-юнча ченемдик-усулдук документтерди макулдашууга; - сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон архив иштери боюнча ченем-дик-усулдук документтерди иштеп чыгуу, бекитүү жана иш кагаз-документ-тернн түзүүгө; - белгиленген тартипте архив иштери боюнча Эл аралык долбоорлооиштерине катышууга; - мамлекеттик архивдерди түзүү, жоюу, кайра уюштуруу жөнүндө Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө; - архив ишинин маселелерин кароо жана иш кагаздарын жүргүзүүнүуюштуруу үчүн туруктуу жана убактылуу мекемелер аралык комиссиялардытүзүүгө; - мамлекеттик органдарда, мекемелерде, уюмдарда жана ишканалардаиш кагаздарын жүргүзүүнүн абалын кароолорду өткөрүүгө; - мамлекеттик органдардын иш кагаздарды жүргүзүүчү бөлүмдөрүнө,мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга барууларды жүзөгө ашырууга. V. Мамлекеттик архив агенттигинин ишин уюштуруу 9. Мамлекеттик архив агенттигин Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка да-йындоочу жана бошотуучу - Мамлекеттик архив кызматынын директору жетек-тейт. 10. Мамлекеттик архив агенттигинин директору: - Мамлекеттик архив агенттигине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; - Мамлекеттик архив агенттигинин компетенциясынын чегинде буйрук-тарды, нускамаларды чыгарат; - Архив иши жагынан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эларалык, мекемелер аралык келишимдерге кол коет; - Мамлекеттик архив агенттигине жүктөлгөн милдеттердин жана функ-циялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын архивтармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик архив агенттиги жөнүндөгү Жобону бекитүүгө киргизет; - белгиленген тартипте, статс-катчынын сунушу менен Кыргыз Респуб-ликасынын Преньер-министринин бекитүүсүнө Мамлекеттик архив агенттиги-нин борбордук аппаратынын түзүмдүк жана штаттык расписаниесин киргизет; - Мамлекеттнк архив агенттигинин борбордук аппаратынын түзүмдүкбөлүктөрү жөнүндөгү Жобону бекитет, алардын кызматкерлеринин функцио-налдык милдеттерин аныктайт; - статс-катчынын сунушу боюнча Мамлекеттик архив агенттигинин тар-магынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; - борбордук, облустук архив мекемелери, Бишкек жана Ош шаарларынынмамлекеттик архивдери жөнүндөгү Жоболорду бекитет; - ведомостволук баш ийүүдөгү архивдик мекемелердин түзүмүн жанаштатын бекитет; - эмгек акы төлөөнүн жана материалдык сый көрсөтүүнүн колдонуудагышарттарынын туура колдонулушун камсыз кылат, эмгекти уюштуруунун жанаакы төлөөнүн прогрессивдүү формаларын киргизет, эмгек акы фондунун чы-гымдалышына көзөмөл жүргүзөт, кызматтык маяналардын схемаларынын сакта-лышына көз салат; - Мамлекеттик архив агенттигинин системасындагы кызматкерлерди ме-кемелик сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле аларды мамлекеттик сыйлык-тар менен сыйлоого сунуш киргизет; - Мамлекеттик архив мекемелеринин кызматкерлерин аттестациялоонууюштурат жана жүргүзөт; - Мамлекеттик архив агенттигинин коллегиясынын ишин уюштурат жанаага жетекчилик кылат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды жүзөгө ашырат. 11. Мамлекеттик архив агенттигинде жогорку административдик мамле-кеттик статс-катчы кызмат оруну түзүлгөн. Статс-катчы Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Мамлекеттик архив агенттиги-нин директорунун макулдугу жана мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин су-нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматкадайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана укуктарымамлекеттик кызмат боюнча Кењеш бекиткен мамлекеттик органдын жобосундааныкталат. Директор статс-катчыга башка функцияларды жана укуктардыжүктөшү мүмкүн. 12. Директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри дайындаган директордун бир орунбасары болот. Директордун орунба-сары түздөн-түз директорго баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердинчегинде Мамлекеттик архив агенттигинин ишмердүүлүгүн уюштурат. 13. Мамлекеттик архив агенттиги курамында Мамлекеттик архив агент-тигинин директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, Мамлекеттик ар-хив агенттигинин директорунун орунбасары, Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин Аппаратынын өкүлү жана республиканын архив мекемелерининжетекчилери кирген 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын жекече курамы Мамлекеттик архив агенттигинин директо-рунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. Мамлекеттик архив агенттигинин директору, статс-катчы жанадиректордун орунбасары кызмат орундары боюнча коллегиянын мүчөлөрү бо-луп эсептелет. Коллегиянын отуруму зарылчылыгына жараша, бирок жыл чейрегинде биржолудан кем эмес өткөрүлөт, анда Мамлекеттик архив агенттигинин компе-тенциясына кирген маселелер каралат. Коллегиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. До-буштар тењ болуп калган учурда Мамлекеттик архив агенттигинин директоружактап добуш берген чечим кабыл алынат. Эгерде коллегиянын мүчөсүнүнөзгөчө пикири болсо ал жазуу жүзүндө билдирет жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө сунуш кыла алат. Коллегиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмескатышса толук укукка ээ болот. Коллегиянын иши Мамлекеттик архив агенттигинин директору бекиткенжобого же регламентке ылайык жүргүзүлөт. Коллегиянын чечими Мамлекеттик архив агенттигинин директорунунбуйругу менен таризделет. 14. Мамлекеттик архив агенттиги жылдын жыйынтыгы боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө өз иши жөнүндө белгиленген мөөнөттө отчет бе-рет. 15. Мамлекеттик архив агенттигинин алдында: - архив таануу, документ таануу жана археография жагынан или-мий-усулдук иштердин маселелерин кароо үчүн Илимий-усулдук кењеш; - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтерининкурамын аныктоо, документтердин баалуулугун экспертизалоо жана алардымамлекеттик сактоого ылгап алуу үчүн Борбордук эксперттик-текшерүү ко-миссиясы иштейт. - Илимий-усулдук кењеш жана Борбордук эксперттик-текшерүү комисси-ясы жөнүндө жоболор Мамлекеттик архив агенттигинин директору тарабынанбекитилет. VI. Мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо 16. Мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлерин укуктук жана со-циалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодекси, "КыргызРеспубликасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары ме-нен жөнгө салынат. VII. Мамлекеттик архив агенттигин кайра уюштуруу жана жоюу 17. Мамлекеттик архив агенттиги Кыргыз Республикасынын Президенти-нин Жарлыгы менен жоюлушу, кайра уюшулушу мүмкүн.