Редакцияот 21.12.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ  Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-декабрындагы № 598                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Талды-Булак Сол жээк" долбоору жөнүндө      "Талды-Булак Голд Майнинг Компани" биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндө макулдашууну бузууларга байланыштуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечимин эске алып  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:      1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Геология  жана минералдык ресурстар  боюнча  мамлекеттик  агенттик   Талды-Булак  аянтын  геологиялык изилдөөгө жана  "Талды-Булак  Сол жээк" кенин  иштетүүгө  "Талды-Булак Голд Майнинг Компани" жоопкерчилиги  чектелген  коомунан  лицензияны  кайра алуу жана жогоруда өткөрүп берүү  маселелерин  Кыргыз  Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген тартипте карасын.     2. Бул  токтомдун  аткарыдышын   контролдоо   Кыргыз   Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын  отун-энергетика  комплекси, кен казып алуу тармактары жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                                 Ф.Кулов