Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 9-октябрындагы N 688 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-декабры, №636

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

            Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө

                                   

   Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-ноябрындагы  №

533  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн

өркүндөтүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин  2005-жылдын

15-октябрындагы  № 462 Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоолорду  киргизүү

тууралуу»  Жарлыгына ылайык, ошондой эле дин чөйрөсүндөгү  мамлекеттик

саясатты  калыптандыруу  жана  ишке  ашыруу  маселелериндеги  иштердин

координацияланышын  жакшыртуу,  республикада  мамлекеттик  башкаруунун

натыйжалуулугун  жогорулатуу жана структурасын  өркүндөтүү  максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу  Дин  иштери  боюнча

мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо бекитилсин.

   2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы №  86

«Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнө  караштуу   Дин   иштери   боюнча

мамлекеттик комиссия жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

                                                                     

Премьер-министр                                               Ф.Кулов