Редакцияот 28.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2022-жылдын 28-марты № 7-2

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше жана чыгашаларынын аткарылыштары жөнүндө

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылыштары тууралуу Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнанын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жыл боюнча 18919,7киреше жана 18821,4 чыгашаларынын аткарылышы жөнүндөгү ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнанын отчету жактырылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмира Казаковнага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Чороев Б.