Редакцияот 28.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2022-жылдын 28-марты № 7-3

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн элдик жыйындарын протоколдорун бекитүү (айыл-чарба жана мал-чарбачылык, коомдук уюмдар ) жөнүндө

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында болуп өткөн 18.03.2022-жылдагы элдик жыйындардын протоколдору менен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Алишеров Айдарбек Сыдыковичтин маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн элдик жыйындарынын 18.03.2022-ж. №3,№4 протоколдору бекитилсин.

2.Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Алишеров Айдарбек Сыдыковичке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылсын.

4. Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Чороев Б.