Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-февралындагы № 98 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын салттарынын уланмалуулугун түзүү жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 31-декабрь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Респуб-ликасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнү деп белгиленсин. Премьер-министр Ф.Кулов