Редакцияот 21.02.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-февралы № 114                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты"         АКнын акцияларын сатып алуу-сатуу келишимине кошумча                       макулдашуу түзүү жөнүндө      "Ак-Суу жүгөрүнү  кайра иштетүүчү кант комбинаты" акционердик коо-мунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын колдонууга  киргизүү  боюнча  иштердитездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  мам-лекеттик комитети:     - "VIТА" акционердик коому менен  2004-жылдын  30-сентябрындагы  №134  сатып  алуу-сатуу  келишимин бузууга карата "Ак-Суу жүгөрүнү кайраиштетүүчү кант комбинаты" акциррердик коомунун акцияларынын мамлекеттикпакетинин 88,1469 процентин сатуу боюнча инвестициялык тендердин жыйын-тыктарын бекитүү жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  мүлктүбашкаруу  боюнча  мамлекеттик комитетинин 2004-жылдын 9-сентябрындагы №46-кт коллегиянын токтомун жоюу тууралуу" 2006-жылдын 24-январындагы  №3-кт коллегиясынын токтомун жойсун;     - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,  Кыр-гыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай минист-рлиги жана "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" акционердиккоому  менен  бирдикте "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты"акционердик коомунун акцияларын 2004-жылдын 30-сентябрындагы № 134  са-тып алуу-сатуу келишимине кошумча макулдашууну кыска мөөнөттө даярдасынжана түзсүн.     2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Экономика жана финансы  министрлигинин  Экономиканыөнүктүрүүнүн  мамлекеттик  фонду  "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү канткомбинаты" акционердик коомунун "VIТА" инвестор-акционердик коому тара-бынан  2006-жылдын биринчи кварталынын ичинде мөөнөтүнөн мурда жоюлуугатийиш болгон карыздарынын суммасын белгиленген тартипте аныкташсын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана  кайра  иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов