Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 637  токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2006-жылдын 1-марты № 135

Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун объекттеринин акысын төлөө маселесин жайгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;

- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

- "Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун объекттеринин акысын төлөө маселесин жайгаруу жөнүндө" 2004-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз керек жарак коомдор союзуна карызын жоюу эсебине Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратка тең объектини издеп тапсын жана Кыргыз керек жарак коомдор союзуна өткөрүп берсин;

- Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жаиа Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүтстөлсүн.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов