Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-марты № 138 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Дараайыл өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүменен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия мененмакулдашылган, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткенрайонундагы Дара айыл өкмөтүнө калктуу конуштарынын аймактарынкенейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 41,0 гасугат айдоосун беруү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарбабагытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери"категориясына которулсун. 3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттасоциалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердиккоммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 1-пункттунда аталган жер участкаларына курулуш курууга пландоочу жанажумушчу документтерди иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов