Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-мартындагы № 139 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунунтургундарынын социалдык керектөөлөрүн чечүү максатында, КыргызРеспубликасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган, Баткен облусунун Кадамжайрайонунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 308,07 га жерин, анын ичинде 247,94га сугат айдоосун, 34,9 га кайрак айдоосун, 25,23 га көп жылдыкөсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Төмөнкүлөр "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун: - Алга айыл өкмөтүнүн 7,2 га сугат айдоосу жана 10,23 га көп жылдыкөсүмдүктөр баскан жери; - Бирлик айыл өкмөтүнүн 74,45 га сугат айдоосу жана 34,9 га кайракайдоосу; - Карадөбө айыл өкмөтүнүн 91,29 га сугат айдоосу; - үчкоргон айыл өкмөтүнүн 37,0 га сугат айдоосу жана 15,0 га көпжылдык өсүмдүктөр баскан жери; - Марказ айыл өкмөтүнүн 38,0 га сугат айдоосу. 3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин; - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттасоциалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердиккоммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 2-пункттунда атапган жер участкаларына курулуш курууга пландоочу жанажумушчу докумењттерди иштеп чыксын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов