Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-марты № 168 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына кирги-зилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" 2005-жылдын 23-ноябрындагы №594 жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелерижөнүндө"
2006-жылдын 3-январындагы № 2 жарлыктарын аткаруу үчүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Акциялардын мамлекеттик пакетин оперативдүү башкаруу иш-милде-тин аткарып келген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризмминистрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитетине төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин: - "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр", "Сүлүктүкөмүр" акцио-нердик коомдорунун, "Шахта Алмалык" жоопкерчилиги чектелген коомунундокументеринин толук пакетин; - бул токтом чыккан күндөн баштап бир жумалык мөөнөттүн ичинде"Кристалл" мамлекеттик акционердик коому боюнча толук документтерди; - "Кристалл", "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр","Сүлүктүкөмүр" акционердик коомдорунун жана "Шахта Алмалык" жоопкерчи-лиги чектелген коомунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин (үлүшүн)(мүлктүк комплексин). 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акционердик коомдордун ак-цияларынын мамлекеттик пакеттерин (мүлктүк комплексин) сатуунун тарти-бин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын; - "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын мамле-кеттик пакетин (мүлктүк комплексин) белгиленген тартипте сатуу боюнчачараларды көрсүн. 3. Төмөнкүлөр күчтүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы №122-б буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-августундагы №534-б
буйругу. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов