Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-марты № 192 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Париж шаарында 2003-жылдын 17-октябрындагы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан кабыл алынган материалдык эмес маданий мурасты коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишимдери жөнүндө"жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Париж шаарында 2003-жылдын 17-октябрындагы ЮНЕСКОнун Башкыконференциясы тарабынан кабыл алынган материалдык эмес маданий мурастыкоргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоо тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын маданият министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов