КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-марты № 195 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98"24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө"
Жарлыгын атка-руу үчүн, "Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыянтартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 158
токтомунаылайык жана 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолор-дун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакерсубъекттерге финансылык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Финансылык жардам көрсөтүү үчүн 2005-жылдын 24-25-мартындагыталап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасындажабыр тартышкан чарбакер субъекттердин тиркелген тизмеси бекитилсин. 2. Жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардамкөрсөтүүгө байланышкан 2,56 млн. сом суммасындагы чыгымдар 2006-жылдынбекитилген республикалык бюджетинин чектеринде "Камсыздандыруу резерви"статьясы боюнча каражаттардын эсебинен төлөнсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Жа-быр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесинин расчеттук эсебинежогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын. 4. "Жабыр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесинетөлөмдөрдү бекитилген тизмеге ылайык жүргүзүү жана экономикалык зыяндыаныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо жагынан чараларды көрүүбоюдна Өкмөттүк комиссияга бир айлык мөөнөттө отчет берүү сунушталсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов