КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-марты №205 ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигининобъекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бюджеттик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу«Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз РеспубликасынынРоссия Федерациясындагы Элчилигине (мындан ары – элчилик) аныкталгантартипте жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жанаКыргыз Республикасыньш Экономика жана финансы мииистрлиги мененмакулдашуу боюнча Москва шаарында Элчиликтин аймагында Элчиликтинимаратына кошумча имарат куруу менен капиталдык ремонт жүргүзүүнү жанаКыргыз маданий борборун (мындан ары - Борбор) курууну инвесторлордужана курулуштук компанияларды эл аралык практиканы эске алыпкелишимдик жана өз ара пайдалуу негизде тартуу менен долбоорлоого жанаишке ашырууга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Маданият министрлиги: - Элчиликтин алдындагы Борбордун уюштуруу документтерин анда Соодаүйүнүн иштешин караштыруу менен иштеп чыгышсын жана аныкталгантартипте бекитишсин; - башка уюштуруу маселелерин чечишсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча аталганБорбордун жетекчисин дайындашсын. 3- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин«Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы жана Элчилик КыргызРеспубликасынын экономика жана финансы министрилиги мененмакулдашуу боюнча: - заказчы катары чыгышсын жана Элчиликтин аймагында жањы имараткуруу жана Борбордун имаратын куруу менен Элчиликтин имаратынакапиталдык ремонт жүргүзүүнү жана долбоорлоону ишке ашырышсын; - көрсөтүлгөн объекттерди тендерлик негизде курууну ишкеашырышсын; - жањы имарат куруу Элчиликтин имаратын жана Борбордун имаратынкуруу менен капиталдык ремонттоо боюнча тийиштүү тендерликдокументтерди иштеп чыгышсын жана Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтүнүнбекитүүсүнө беришсин. 4. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Элчилик Москвашаарында Манастын эстелигин орнотууга заказчы болушсун жана ал боюнчауюштуруу маселелерин чечишсин. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнүнчечимдерин Кыргыз Республикасыныи Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Россия ФедерациясындагыЭлчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгынаылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов