Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-апрели № 222 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "А.Д.Сахаров атындагы эл аралык мамлекеттик экологиялык университет" билим берүү мекемесине экологиялык билим берүү боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин, Россия элдердин достугу университетине КМШга катышуучу мамлекеттердин билим берүү системаларын маалыматтык камсыздоо жагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин, Армения Республикасынын информатика боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо мамлекеттик институтуна дене түзүлүшүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана жумушсуздарга билим берүү жагынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынынкењеши кабыл алган төмөнкүдөй тиркелген чечимдер бекитилсин. - "А.Д.Сахаров атындагы эл аралык мамлекеттик экологиялык универ-ситет" билим берүү мекемесине экологиялык билим берүү боюнча Көз каран-дысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюму-нун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында колкоюлган чечими; - Россия элдердин достугу университетине КМШга катышуусу мамлекет-тердин билим берүү системаларын маалыматтык камсыздоо жагында Көз ка-рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалыкуюмунун статусун берүү 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол ко-юлган чечими; - Армения Республикасынын информатика боюнча кадрлардын квалифика-циясын жогорулаттуу жана кайра даярдоо мамлекеттик институтуна денетүзүлүшүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана жумушсуздарга би-лим берүү жагынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучумамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын25-ноябрында Москва шаарында кол коблган чечими. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул чечимдердинкүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорун КыргызРеспубликасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз мамлекеттер Шерик-тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов