Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-апрели, №317 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл катары чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды реструктуралаштыруу тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1 «Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, КыргызРеспубликасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу максатында КыргызРеспубликасынын Улуттук банкы өкүл катары чыккан КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынынортосундагы карызды реструктуралаштыруу тууралуу Макулдашуунуратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунамакулдук берилсин. 2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри аталганмыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде кароодоКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов