Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                        КР Ѳкмѳтγнγн

                 2015-жылдын 26-марты № 162

                токтомдун редакциясына ылайык

                        кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 10-майы № 335

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын

         19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында

         өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону

         бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  2005-жылдын  4-июлундагы № 91 "Мамлекеттик

пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына  өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №

82 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн  пенсия-

лар  жөнүндө  жобону  бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз

Рвспубликасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн  пенсиялар  жөнүндө

жобого төмөнкүдй өзгөртүү киргизилсин:

     - 18-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Өзгөчө сињирген  эмгеги  үчүн  пенсия  алган  адам  өлгөндө  анын

үй-бүлөсү сөөктү коюу үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эсе өлчөмүндө

пособиени  кайрылгандан  кийин  эки аптанын ичинде алат.  Бул пособиени

төлөө мөөнөтүнүн эскириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган

мөөнөттөргө ылайык аныкталат.".

     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий  өнүктүрүү  баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов