Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-июну № 443

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү

       жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин "2010-жылга чейинки  мезгилге

Улуттук  туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча

Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" 2006-жылдын  9-мартындагы  №  105

Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз  Республикасынын  Жер   кодексине   толуктоо   киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды  каттоо  боюнча  мамлекеттик агенттиктин директору аталган Мыйзам

долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган  учурда  Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов