Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-августу № 601

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          "Ишкердик субъекттердин иш-аракеттерин мамлекеттик

         контролдоочу органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн

           тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

               2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтомуна

                      толуктоо киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын  2004-жылдын 10-декабрындагы № 190 Мыйзамы-

нын редакциясындагы "Кыргыз Республикасында табигый жана уруксат берил-

ген  монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Ишкердик субъекттердин иш-аракеттерин мамлекеттик контролдоочу

органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтому менен беки-

тилген  Ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укук-

туу мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмеси төмөнкүдөй  мазмундагы

19-пункт менен толукталсын:

     "19. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги".

     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын  экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов