Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                       КР Ѳкмѳтγнγн

                2015-жылдын 7- апрели № 201

               токтомдун редакциясына ылайык

                       кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-августу № 604

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө

          шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн

              2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна

                    өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340

"Республиканын социалдык жактан  коргоо  системасынын  кызматкерлеринин

эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө",  2006-жылдын 1-июлундагы №

341 "Республиканын билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акы-

сынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө", 2006-жылдын 1-июлундагы № 342 "Рес-

публиканын саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акы-

сынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө", 2006-жылдын 1-июлундагы № 343 "Рес-

публиканын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн

жогорулатуу  жөнүндө" жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын  өкмөтүнүн  2005-жылдын  7-декабрындагы

"Социалдык  чөйрөнүн  кызматкерлеринин  эмгегине  акы  төлөө   шарттары

жөнүндө" № 561 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     - 3-пункттун биринчи абзацында "апрелден" деген сөз "июлдан" деген

сөзгө алмаштырылсын, "340" деген сан "408" деген санга алмаштырылсын;

     - 3-пунктун экинчи абзацы алынып салсын.

     2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги соци-

алдык жактан коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо системасынын жана

илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жањы өлчөмдө төлөөнү

каржылоо каражаттарын өз убагында камсыз кылсын.

     3. Бул токтом 2006-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.

     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын  социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов