Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-августу № 608 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттардапенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнчакомпенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - 2 жана 3-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: "2. 2007-жылдын 1-январынан тартып эмгектен мертинүү боюнча ком-пенсациялык төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин: - I топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 х 80%; - II топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 * 60%; - III топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 * 40%; - майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготконадамдарга - ОАЭ : 3 х 35%; - эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан айрылганадамдарга - ОАЭ : 3 * 35%; мында: ОАЭ - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетининрасмий маалыматтары боюнча республикадагы өткөн жыл үчүн орточо айлыкэмгек акы өлчөмү; 80%, 60%, 40% - тиешелүү түрдө I-III топтогу майыптардын эмгеккежөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы; 35% - майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жо-готкон жана эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан ай-рылган адамдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы. 3. 2007-жылдын 1-январынан тартып санаториялык-курорттук дарылану-уга жана жыл сайын ден-соолукту чыњдоого төмөнкү өлчөмдөрдөгү компенса-циялык төлөмдөр белгиленсин: - майыптарга - Х : 3 : 12 + 1200 : 12, мында: X - санаториялык-курорттук дарыналууга берилүүчү жолдомонуннаркынын орточо өлчөмү, Кыргыз Республикасынын курортторуна өткөн жыл-дын жолдомолорунун наркына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-циалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын белгиленет; 3 - санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо 3 жылда 1 жолу бе-рилет. 1200 - бир жылда дары сатып алууга кеткен чыгымдардын наркы; 12 - бир жыл ичиндеги айлардын саны,"; - 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду: - "РЕSАС" программасынын алкагында жана 1996-жылга чейин укукулантуучусу жок жоюлган ишканалардын майыптарына эмгектен мертинүү бо-юнча компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн жыл сайын өткөн жылдагы эмгекакынын жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорунун баасынажараша аныктоо жолу менен жыл сайын кайра эсептөөнү жүргүзсүн; - "Кызылкыя" шахтабашкармалыгынын мурунку 138 кызматкерине регрессбоюнча шахтабашкармылыгы тарабынан жүргүзүлгөн негизги төлөмдөр жанаанын жоюлушунан кийинки төлөмдөр боюнча 1995-жылдын 1-октябрынан1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү, башкача айтканда "Жоюлганже кайра уюштурулган ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек-тен мертинүү боюнча каражаттарды капиталдаштыруу жана пенсия, пособиежана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1996-жылдын 21-августундагы № 396 токтому чыкканга чейин ком-пенсациалардын алынбаган айырмасын төлөсүн; - эмгектен мертинүү боюнча компенсациаларды төлөө индексацияны жа-на кошумча чыгымдарды эске албастан төлөсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги2007-жылы жана келерки жылдары бул токтомдун 1-пунктунда каралган ком-пенсацияларды төлөө, ошондой эле токтомдун 2-пунктунда аталган "Кызыл-кыя" шахтабашкармалыганын кызматкерлерине 1995-жылдын 1-октябрынан1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү төлөнбөгөн айырма үчүн Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фондун каржыласын. 4. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов