Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-августу № 626 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары жана жыл аягына чейинки милдеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын биринчи жарымында макро-экономикалык туруктуулук сакталуу менен социалдык-экономикалык кырдаалжакшырууга багыт алгандыгы байкалгандыгын белгилейт. ИДПнын реалдууөсүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги 0,6 процентке төмөндөөгө кара-та 3,1 процентти түздү. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсеп-тебегенде ИДП өндүрүү 6,5 процентке өстү жана максаттуу көрсөткүчтөнашты (6,2%). Инфляциянын дењгээли 4,1 процентти түздү, бул негизинен жашыл-ча-жемишке, кантка, этке, майга жана малдын майына, жаратылыш газынабаалардын өсүшү менен шартталган. Инфляцияны кармоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан кредиттик-акча жана бюджеттик саясатбоюнча тийиштүү чараларды караган иш-чаралардын планы иштелип чыккан. 2006-жылдын биринчи жарымында АКШнын долларына карата сомдун алма-шуу курсу 2,7 процентке бекемделди жана 2006-жылдын июнунун аягында 1доллар үчүн 40,2 сомду түздү. Быйылкы жылы баалуу кагаздар рыногундагы иштер активдештирилди.2006-жылдын биринчи жарымында 1,5 млрд. сом суммасында 2,5 мињ бүтүмтүзүлдү, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда ти-йиштүүлүгунө жараша 31 процентке жана 290 процентке көп. Жалпы суммасы1,1 млрд. сомго акцияларды 35 чыгаруу катталган же өткөн жылдын ушундаймезгилине салыштырганда эки эсеге көп. Колдо болгон шаймандардын чектелүү экендигинен баалуу кагаздар ры-ногунун мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбагандыгын белгилей кетүү ке-рек. Бул проблеманы чечүү ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдыкабыл алууну тездетүүгө көмөктөшөт. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2006-жылдын январь-майында өткөнжылдын тийиштүү мезгилине карата 24,5 процентке өстү жана 835,6 млн.АКШ долларын түздү. Товарлардын экспорту 300,1 млн. АКШ долларын түздүжана 9,7 процентке көбөйдү, бул негизинен жашылча-жемиштерди (2,5 эсе-ге), терилерди жана тери сырьелорун (2,2 эсеге), электр энергиясын (1,6эсеге), цементти (1,6 эсеге), нефти жана нефти продуктуларын (4,5%ке)экспорттук берүүлөрдүн өсүшүнүн эсебинен болду. Мында алтындын экспорту4,6 процентке кыскарды. Алтынды эсептебегенде экспорттун көлөмү 199,8млн. АКШ долларын түздү жана 18,6 процентке өстү. Импорт 535,5 млн. АКШдолларын түздү жана 34,7 процентке өстү, бул негизинен нефтепродуктула-рынын келиши 1,6 эсеге көбөйүшүнүн эсебинен болду. Ошону менен биргеэле соода балансынын терс сальдосу 235,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөболду. Соода балансынын терс сальдосун кыскартуу үчүн экспортту көбөйтүүжана импорттун ордун алмаштыруу боюнча системалык иштерди жүргүзүү за-рыл. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигиушул убакка чейин Экспортту өнүктүрүү программасын даярдай элек. Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 2006-жылдын биринчи жарымында10926 млн. сомду түздү жана өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырган-да 20 процентке өстү. Бюджеттик кирешелердин көбөйүшү салыктыктүшүүлөрдүн 17,5 процентке өсүшү менен шартталды, мында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы мамлекеттикбюджетке түшүүлөрдү 4555,8 млн. сом өлчөмүндө камсыз кылды же бул 29,8процентке көп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик са-лык инспекциясы - тийиштүүлүгүнө жараша 4461,2 млн. сомду жана 7,8 про-центти камсыз кылды. Ошону менен бирге акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген ди-виденддер бардыгы 55,4 млн. сом түштү же жылдык пландуу көрсөткүчтүн14,8 процентин түздү. Республикалык бюджеттин учурдагы чыгымдары 2006-жылдын биринчи жа-рым жылдыгында (мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалган чыгымдарды кошпо-гондо) 8474,5 млн. сомду түздү жана өткөн жылдын ушундай мезгилине са-лыштырганда 18,5 процентке көбөйдү. 2006-жылдын биринчи жарымында корголгон статьялар толугу мененкаржыланды. Корголгон статьялар боюнча чыгымдардын салыштырма салмагыотчеттук мезгилинде жүргүзүлгөн жалпы чыгымдардын 51,7 процентин түздү.Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык социалдыкчөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Быйылкы жылы биринчи жарым жылдык үчүн жергиликтүү бюджеттерге ка-тегориалдык гранттар 1227,5 млн. сом суммасында жана тењештирүүчүгранттар 144,2 млн. сом суммасында которулду, бул планга карата 100процентти түзөт. 2006-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик карызды төлөөгө байла-ныштуу чыгымдар 1807,4 млн. сомду түздү, алардан өлкөнүн тышкы карызынтөлөөгө 452,2 млн. сом жана ички карызды төлөөгө - 1355,2 млн. сом жум-шалды. Түркия Республикасы (2006-жылдын 9-марты) жана Япония (2006-жылдын24-марты) менен эки тараптуу макулдашууларга кол коюу аркылуу кредитор-лордун Париж клубунун чечимине ылайык тышкы карызды реструктуралаштыруубоюнча сүйлөшүү процесси аяктады. Тышкы карыздын түйшүктөрүн жењилдетүүбоюнча иштер уланууда. Ушул жылдын аягына чейин Париж клубуна мүчө бол-богон өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылууда. Отчеттук мезгилде эл аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү бо-юнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын ПрезидентининРоссия Федерациясына, Кытай Эл Республикасына, Казакстан Республикасынарасмий визиттери; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Москва ша-арына, Россия Федерациясынын Свердлов облусуна жумушчу визиттери болду.Өкмөттөр аралык кыргыз-россиялык комиссиясынын тењ төрагалары Ф.Ш.Куловжана С.В.Кириенконун жумушчу жолугушуулары өткөрүлдү. Өкмөттөр аралыккыргыз-кытай, кыргыз-москва жана кыргыз-казак комиссияларынын заседани-елери өткөрүлдү. Москва шаарынын мэри Ю.М.Лужковдун Кыргызстанга бирин-чи жумушчу визити болду. Ар кандай дењгээлдеги жетишилген макулдашуулардын натыйжасында са-ясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки та-раптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери, атап айтканда эмгек мигра-циясы, убактылуу каттоого алуу, Кыргызстандын экономикасына инвестиция-ларды тартуу, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу бо-юнча маселелер чечилди. Экономиканын реалдуу секторунда кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы,курулуш чөйрөсүндө өндүрүштүн өсүшү жана өнөр жайда өндүрүш көлөмдөрдүнкыскарышы менен коштолду. 2006-жылдын биринчи жарымында өнөр жайда 6,8 процентке төмөндөөбайкалды, бул негизинен "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларда өндүрүштүн32 процентке азайышынын эсебинен болду. Бул ишканаларды эсептебегендеөнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,2 процентке же болжолдук көрсөткүчтөн2,2 процентке көбөйдү. Кен казып алуу өнөр жайында пайдалуу кен байлыктарын казып алуу үчэсеге көбөйүп, бирок ошол эле убакта отун-энергетикалык пайдалуу кен-дерди казып алуу 10,1 процентке кыскарды. 2005-жылдын январь-июнундаташкөмүр жана лигнит 35,6 процентке аз казылып алынган, газ түрүндөгүабалдагы жаратылыш газы - 21,9 процентке аз алынган. Көмүр казып алуу-нун өсүшүн камсыз кылуу үчүн көмүр казуучу ишканаларды башкаруунун на-тыйжалуу системасын түзүү, "Каракече" кениндеги өндүрүштү жөнгө салуужана бюджетте каралган акча каражаттарын зарыл көлөмүндө бөлүү боюнчаиштерди тездетүү зарыл. Иштетүүчү өнөр жайда тамак-аш азыктарын өндүрүү 6,7 процентке,текстиль жана тигүү буюмдарын чыгаруу 26,3 процентке, тери буюмдарынжана бут кийимдер - 3,6 эсеге, курулуш материалдары - 20,4 проценткекөбөйгөн. Ошону менен бирге металлургия өндүрүштүк көлөмдөрү "Кумтөр"кенинде алтын казып алуунун азайышынын эсебинен 31,1 процентке кыскар-ган. Цемент чыгаруу 24 процентке көбөйгөндүгүнө карабастан ички су-роо-талап толук дењгээлде камсыздалбай, бул баанын өсүшүнө алыпкелүүдө. Ички рынокту цемент менен толтуруу максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү тарабынан цементти контрабандалык ташып чыгууну кыскар-туу, "Кант цемент-шифер комбинаты" акционердик коомунун фирмалык соодатармактарын түзүү боюнча чаралар көрүлгөн. "Канттагы жергиликтүү уютул-ма материалдар заводу", "Күрмөндү цемент" сыяктуу ишканалардын иштеринкалыбына келтирүү да продукциянын ушул түрү менен ички рынокту толтуру-уга көмөктөшөт. 2006-жылдын январь-июнунда 7,2 млрд. кВт саат электр энергия же ишжүзүндө өткөн жылдын ушундай мезгилинин дењгээлинде (азаюу 1,1 %ке) иш-телип чыккан. Электр энергиясынын жалпы коромжулуктары 39,8 проценттитүзгөн, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине караганда 3,7 процентке аз.Мында акча каражаттарын чогултуу 7 процентке көбөйүп, берилген электрэнергиясынын көлөмүнүн 66 процентин түзгөн. Ошону менен бирге эле деби-тордук карыз 286 млн. сомго көбөйгөн. Республиканын бюджетине электрэнергиясын иштеп чыгуучу жана берүүчү компаниялардын бир кыйла кредит-тик жана салыктык милдеттенмелери сакталууда (1,4 млрд. сомдон ашуун).Энергетикадагы орун алган проблемалар көп жагынан башкаруунун натыйжа-сыздыгына, жүргүзүлгөн реформалардын бүтө электигине, тармакты техника-лык жактан модернизациялоо, жањы кубаттуулуктарды куруу үчүн финансыресурстарынын жетишсиздигине байланыштуу. Бул проблемаларды чечүү үчүнэнергетика компанияларында көзөмөлдөөчү жана аткаруучу органдарды тан-доо жана дайындоонун ачык-айкын жол-жоболорун киргизүү, натыйжалуу ишүчүн тиешелүү кошумча төлөөлөрдү жана аткаруучу органдын конкреттүүмилдеттенмесин кароочу контракттарга кол коюу керек. Стратегиялык ин-весторду тартуу максатында "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекет-тен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын IV этабын Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши жактырууга тийиш. 2006-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча "Хайдаркан сымапкомбинаты" (өндүрүштүн төмөндөшү 34,3%), "Майлуусуу электр лампа заво-ду" (6,6%ке төмөндөө), "Автомашрадиатор" (36,8%ке төмөндөө), "ОРЕМИ"ачык акционердик коому (45,3%ке төмөндөө), "Бишкек штамптоочу заводу"(60,4%ке төмөндөө), "Бишкек машина куруу заводу" (77,5%ке төмөндөө),"Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" (60,2%ке төмөндөө) сыяктуу бир катарири ишканаларда өндүрүш көлөмдөрүнүн кыскарышы белгиленген. Отчеттук мезгилде арак ичимдиктерин чыгаруу 35,1 процентке азай-ган. Өндүрүштүн төмөндөшүнүн негизги себептери башкаруунун натыйжасыз-дыгы, контрабанданын жана "көмүскө" өндүрүштүн жогору экендиги болупсаналат. Жалпысынан жыл башынан бери алдын ала маалыматтар боюнча 54 жањыжана 7 мурдагы токтоп турган ишканалар, атап айтканда "Аксуу жүгөрүнүкайра иштетүүчү кант комбинаты" иштей баштаган. Быйылкы жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын физикалыккөлөмүнүн өсүшүн Жалалабат облусунун чарбакер субъекттери (1,4%ке), Ошоблусунуку (10,3%ке), Талас облусунуку (9,6%ке), Бишкек шаарыныкы(24,2%ке) жана Ош шаарыныкы (1,5 эсеге) камсыз кылышкан. Өндүрүшкөлөмдөрүнүн азайып кетишине Ысыккөл облусунун (30,9%ке), Чүй облусунун(32,1%ке) өнөр жай ишканалары алтын өндүрүүнүн кыскарышынан улам Нарыноблусунда (30,3%ке) жана Баткен облусунда (6,5%ке) жол беришкен. 2006-жылдын биринчи жарымында айыл чарба продукциясын дүњ чыгаруу2,3 процентке көбөйгөн, бул негизинен өсүмдүк өстүрүү тармагынын эсеби-нен мүмкүн болгон (өсүш 12,9%). Азыркы убакта түшүм жыйноо иштерижүрүүдө. Быйылкы жылдын 15-июлуна карата 73,8 мињ га аянттагы кылкандуудан өсүмдүктөрү жыйналган, мында жалпы дүњ жыйым 196,3 мињ тоннаны(2005-жылга караганда 80 мињ тоннага аз) түзүп, орточо түшүмдүүлүк гек-тарына - 26,6 центнерди түзгөн (1,7 ц/га аз). Түшүмдүүлүктүн төмөндүгүөткөн жылдагы ыњгайсыз жаратылыш шарттарына байланыштуу болду, ушунданулам күздүк эгинди 12 мињ гектарга кайра себүүгө туура келип жана 45мињ гектардан болбогон түшүм алган. Отчеттук мезгилдин ичинде мал чарба продукциясы өткөн жылдындењгээлинде өндүрүлгөн. Эт өндүрүү (тирүүлөй салмакта) 148,5 мињ тонна-ны же 100,8 процентти, сүт - 556,2 мињ тоннаны же 101,8 проценттитүзгөн. Быйылкы жылдын августунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гран-тынын эсебинен сатып алынуучу айыл чарба техникаларынын келишикүтүлүүдө. Бул техникаларды бөлүштүрүүдө региондордун керектөөлөрүнэсепке алууну жана анын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен критерийлерге ылайык жүргүзүлүшүкерек. 70 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кошумчагранты боюнча сатып алынуучу айыл чарба техникаларын алуу жагындагы иш-терди улантып, ушул жылдын аягына чейин техникалардын республикага ке-лишин камсыз кылуу зарыл. Отчеттук мезгилде мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жанаменчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруунун натыйжалуу-лугун жогорулатуу боюнча иштер улантылды. Ушул жылдын июнунда КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши 2006-2007-жылдарга мамлекеттик менчиктименчиктештирүү программасын бекитти. Ошону менен бирге эле "Кыргызгаз"ачык акционердик коомун өзгөртүп кайра түзүү программасынын долбоорун,"Токтогул жылуулук электр станцияларынын өзгөчө статусу жана электрөткөргүчтүн улуттук жогорку вольттуу линиялары жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-луу", "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлорункароо күзгө жылдырылган. "Карабалта тоо-кен комбинаты", "Кристалл", "Айдан-Фарма" акционер-дик компанияларынын, "Ала-Тоо" мейманканалык-ресторандык комплекстинакцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча тендерлерди жүргүзүүгөдаярдык создугууда. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан мурдагы жыл-дарда мамлекеттик менчиктин бир катар объекттерин менчиктештирүүдөгүтартип бузуулар аныкталган. Анын көрсөтмөлөрүнө ылайык айрым акционер-дик коомдордун, атап айтканда "Кант цемент-шифер комбинаты", "ОРЕМИ","Нарын гидроэнергокурулуш" акционердик коомдорунун акцияларынын мамле-кеттик пакетин сатуу жөнүндө чечимдер жокко чыгарылган. Инвесторлор алган милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштууайрым акционердик коомдордун, анын ичинде "Кайыњды кабель заводу" коо-мунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатып алуу-сатуу келишимдери жо-юлган. Акциялардын мамлекеттик пакеттерин сатуу келишимдерине кол коюу-да мамлекеттин кызыкчылыктарынын жетишсиз корголушу бир катар объект-терге, атап айтканда "Пишпек" мейманканасы, "Импаш-Манас" соода комп-лексине карата мамлекеттин укугун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бербейжатат. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги"Майлуусуу электр лампа заводу" акционердик коомунун акцияларынын мам-лекеттик пакетин сатып алууда инвестор кабыл алган милдеттенмелердинаткарылышына карата корутундуну жарым жылдан ашуун даярдоодо. 2006-жылдын биринчи жарымында 4040,9 млн. сом капиталдык салымдарөздөштүрүлгөн, бул 2005-жылдын ушундай мезгилине караганда 18,4 про-центке көп. Инвестициялардын жалпы көлөмүнөн негизги капиталга чоњ үлүшподряддык иштердин көлөмүнө (65,7%) туура келет, бул жылуулук электрстанцияларын, автомобиль жолдорун, өнөр жай ишканаларын, Бишкек шаарын-да соода борборлорун, айылдарда суу түтүктөрдү, жалпы билим берүүчүмектептерди, турак жайларды курууга жана реконструкциялоого байланыш-туу. Ушул жылдын биринчи кварталында чет өлкөлүк тике инвестициялардынагымы (кеткенин эсепке албаганда) 2,4 эсеге көбөйүп, 78,1 млн. АКШ дол-ларын түзгөн. Көбөйүү соода кредиттеринин (3,1 эсеге), ишканалардын четөлкөлүк тењ ээлеринен алынган кредиттердин (10,5 эсеге) жана акционер-дик капиталга инвестициялардын эсебинен (1,7 эсеге) мүмкүн болгон. Ин-вестицияларды салуу үчүн экономикалык иш-аракеттин кыйла артыкчылыктуутүрлөрү мурдагыдай эле иштетүүчү жана кен казып алуучу өнөр жай, финан-сылык иш-аракет, соода чөйрөсү болуп саналат. Өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмдөрү Баткен облусунда (1,8эсеге), Нарында (1,7 эсеге), Ысыккөлдө (1,7 эсеге), Жалалабатта (1,6эсеге), Чүйдө (1,4 эсеге) жана Талас облусунда (31,2%ке) өскөн. Ошолэле мезгилде алар Ош облусунда (27,5%ке), Ош шаарында (7,5%ке) жанаБишкек шаарында (2,3%ке) кыскарып кеткен. Курулуштагы дүњ продукциясынын жалпы көлөмү ушул жылдын биринчижарымында 3247 млн. сомду, реалдуу өсүш - 9,5 процентти түзгөн. Быйылкыжылдын биринчи жарымында "Бишкек-Ош", "Бишкек-Кордай" жана "Тараз-Та-лас-Суусамыр" автожолдорун реабилитациялоо улантылды. Жалалабат облу-сунда асфальт-бетон заводу, Бишкек шаарында соода жана коомдук тамакта-нуу объекттери жана башкалар ишке киргизилди. Турак жай курулушуна 1245,3 млн. сом негизги капиталга инвестиция-лар жумшалды (бааланганы), бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен 43,2процентке көп. Жалпы аянты 209,6 мињ кв.метр 2064 квартира пайдалануугатапшырылды. Бул 2005-жылдын биринчи жарымынын дењгээлине карата 90,6процентти түздү. Жалпы аянты 206,4 мињ кв.метр 2045 жеке турак үй ку-рулду, алардын наркы 939,6 млн. сомду түздү. Кирешелери төмөн жана орто дењгээлде болгон жарандарды турак жайменен камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн каржылоонун үч багыты:"Жаш мугалимдин депозити" жана "Жаш врачтын депозити" программаларынынчектеринде жаш мугалим/врач үчүн турак жай; турак жайды кредиттөөнүнтоптоо системасы; социалдык турак жайды үлүштүк куруу багыттары иштелипчыкты. Турак жайды кредиттөөнүн топтоо системасын түзүүгө багытталганмамлекеттик программаны ишке ашыруунун чектеринде Кыргыз Республикасы-нын Улуттук банкы тарабынан ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассаларыжөнүндө жобо иштелип чыккан жана бекитилген. Ипотекалык кредиттөөнүн эки дењгээлде моделин ишке ашыруу меха-низмдерин (ипотекалык кредиттерди рефинансылоо механизмин карайт) жаназарыл нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу улантылууда. 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги мил-деттеринин бири чатырларда окуп жаткандар, авариялык абалда турган, жеркөчкү коркунучундагы, өрттөн жабыр тарткан, бузулганы турган мектептер-ди куруу болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдары быйылкы жылдын1-сентябрына карата сабактарды баштоо үчүн ушул мектептердин курулушунаар тараптан көмөк көрсөтүүгө тийиш. Быйылкы жылдын январь-июнунда транспорттун бардык түрлөрү менен12844,4 мињ тонна же өткөн жылдын ушундай мезгилине карата 103,2 про-цент жүк ташылган, жүргүнчүлөрдү ташуу 2760,1 млн. жүргүнчү км же 100,5процентти түздү. Жолдорду курууга жана телекоммуникацияларга ушул жыл-дын биринчи жарымында 765 млн. сом жумшалды же өткөн жылдын ушундаймезгилине караганда бул 2, 3 эсеге көп. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-никациялар министрлиги республика үчүн маанилүү инвестициялык долбоор-лорду ишке ашыруу, атап айтканда "Бишкек-Георгиевка" автожолун реабили-тациялоо боюнча иштерди жетиштүү дењгээлде жүргүзбөй жатат. 2006-жылдын биринчи жарымында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө реал-дуу өсүш 7,4 процент дењгээлинде байкалды, бул негизинен сооданын(16%ке өсүш), мейманканалар менен ресторандардын кызматтарынын (14%ке),почта жана электр байланыш кызматтарынын (12%ке) эсебинен болду. Салык түйшүгүн жењилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан көрүлгөн чаралар чакан жана орто бизнести андан ары өнүктүрүүгөкөмөктөштү. Отчеттук мезгилдин ичинде ишкердик менен алектенишкен юри-дикалык жактардын саны 4 процентке, жеке адамдардыкы - 7,1 проценткекөбөйгөн. Чакан жана орто бизнесте иштегендердин саны 5,5 проценткеөскөн. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча чаканжана орто бизнестин ИДП өндүрүшүнө салымы 39,2 процентти түзгөн, булөткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 3 процентке көп. Ошону менен бирге эле ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучукөп сандаган администрациялык кедергиликтер али да сакталууда. Ушугабайланыштуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм минист-рлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ишкердик субъекттеринин иш-терине контролдоочу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кий-лигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 23-июлундагы N284 Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди активдештирүүсү зарыл. Туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү көргөн чаралар оњ натыйжасын бере баштады. Алсак, алдын аламаалымат боюнча 2006-жылдын июнь айынын аягында чет өлкөлүк туристтер-дин саны өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 20,7 проценткекөбөйгөн. Туризм чөйрөсүндө инвестициялардын көлөмү 20.8 процентке, ту-ризмден түшкөн киреше 15 процентке өскөн. Республика боюнча орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсептебеген-де) 2006-жылдын январь-майында 10,8 процент дењгээлинде реалдуу өсүшменен 2722,7 сомду (66 АКШ доллары) түздү. 2006-жылдын 1-майынан тартып пенсияны камсыздандыруу бөлүгү жого-рулатылды, бул 2006-жылы пенсиянын өлчөмүн орточо 10 процентке жогору-латууну камсыз кылат. 2006-жылдын биринчи жарымында жогорулаган пенсия-лар менен пособиелерди төлөөнү каржылоого 2624,5 млн. сом суммасындагыкаражаттарга болгон керектөө толук көлөмдө каржыланды. Пенсиялар өзучурунда төлөнүүдө. 2000-2001-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн ком-пенсацияларды төлөө башталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин"Калк үчүн электр энергиясына бирдиктүү тарифти киргизүү шарттарындакалктын аярлуу катмарларын социалдык колдоонун кошумча чараларыжөнүндө" 2006-жылдын 28-апрелиндеги N 192 Жарлыгын ишке ашыруу макса-тында электр энергиясы үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөргөреспубликалык бюджеттин каражаттарынан кошумча түрдө 117,1 млн. сомбөлүнгөн. 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн бардык социалдык төлөмдөр766,0 млн. сом суммасында планга ылайык толук көлөмдө жүргүзүлдү, аныничинде ушул каражаттардын эсебинен 95,3 млн. сом суммасындагы 2005-жыл-дын карыздары төлөндү. Ошону менен бирге эле керектөөнүн гарантияланганминималдуу дењгээли жана пособие алуучулардын саны боюнча (алардын ара-сына 0,05 га дан аз болгон жерлери бар айыл тургундарын кошууга байла-ныштуу) пособиенин өлчөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу кошумча түрдө кар-жылоо керек. 2006-жылдын 1-июлуна карата республикада жумушсуздардын жалпы саны208,6 мињ адамды түздү, бул 2005-жылдын ушундай көрсөткүчтөрүнөн 8 про-центке ашат, алардан 105,8 мињ адам миграция жана иш менен камсыздоокомитеттеринде эсепте турат жана 102,8 мињ адам (Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетинин берген баасы боюнча) өз алдынча жумушиздегендер болуп саналат. Эмгек рыногунда өзгөчө оор кырдаал Бишкек шаарында (12,7%), Ош ша-арында (11,0%), Баткен (13,3%), Нарын (12,2%), Чүй (10,5%) облустарындабайкалууда. Экономикадагы дурус жылыштар эмгек рыногуна оњ таасир тийгизүүдө.58,0 мињ жумушчу орундары түзүлгөн жана калыбына келтирилген. Эгердежыл башында 1 бош орунга 24 адам талапкер болсо, 2006-жылдын июлунда -15 адам болгон. 2006-жылдын биринчи жарымында кесиптик окууга жана кайрадан окуту-уга 2855 жумушсуз жаран жиберилип, 1986 адам окутулган, алардын 82,8проценти ишке орноштурулган. 352 жумушсуз жарандарга 5814,0 мињ сомсуммасында чакан кредиттер берилген. Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 10,6мињ адам тартылган, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 20процентке көп. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин тапшырмаларына, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы N 616 токтому менен бекитилген2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча иш-чара-лардын планына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартын-дагы N 169 токтому менен бекитилген 2006-жылдын биринчи жарымында тез-детилген экономикалык өсүштү жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринкамсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынынбиринчи кезектеги милдеттерине, Кыргыз Республикасынын Президентининтапшырмаларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майында-гы заседаниесиндеги маалыматтарга (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 29-майындагы N 384 токтому) ылайык ишке ашырылып жатат. Айрым тапшырмалар толук эмес жана белгиленген мөөнөттөрдү бузууменен аткарылгандыгын белгилей кетүү керек. Борбордук мамлекеттик ор-гандардын иштериндеги кемчиликтерди Кыргыз Республикасынын Президенти2006-жылдын 19-июнундагы кењешмеде көрсөттү. Бул кемчиликтер КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн заседаниесинде талкууланды жана иш-чаралардынтийиштүү планы кабыл алынды. 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштүн программасында белги-ленген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү жана Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан коюлган милдеттери чечүү максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек менен Ошшаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөр боюнчаконкреттүү чараларды көрүшсүн: - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларын ат-каруу боюнча жоопкерчиликти жана аткаруучулук тартибин жогорулатуу. Булмаселелерди коллегиянын заседаниелеринде кароо жана 2006-жылдын 20-ок-тябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-паратына тиешелүү маалымат берүү; - Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасындабалдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө"2006-жылдын 20-январындагы N 24 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасындабалдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралардын планын атка-руу. 2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги: - 2006-жылга тездетилген экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнчаиш-чаралардын планында көрсөтүлгөн ишканалардын өндүрүш көлөмдөрүнүндурус темптерине чыгууну 2006-жылдын аягына чейин камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, облустардын мамлекеттик администрациялары менен бир-дикте 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүү жа-на импорттун ордун алмаштыруу программасын иштеп чыксын жана 2006-жыл-дын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргиз-син; - "Майлуусуу электр лампа заводу" акционердик коомуна инвестиция-ларды тартуу боюнча милдеттенмелерди "В.А.В.С." компаниясынын аткарылы-шы тууралуу корутундуну жана "Майлуусуу электр лампа заводу" акционер-дик коомунун ишин турукташтыруу жана экспорттук берүүлөрдү, анын ичиндеИран Ислам Республикасына берүүлөрдү көбөйтүү боюнча сунушту 2006-жыл-дын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизсин; - региондор боюнча республиканын рынокторунда баалардын ар жумалыкмониторингин ишке ашырсын жана "Кыргыз Республикасынын ички рыногун це-мент жана шифер менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы N 511 токтомуна ылайыккырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө опера-тивдүү тартипте сунуш киргизсин; - "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбо-орун 2006-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароо-суна киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги,облустардын мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республи-касынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюш-туруу жөнүндө" 2006-жылдын 12-июлундагы N 372 Жарлыгын толук жана өзучурунда аткарууну камсыз кылышсын. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2006-жылдын1-сентябрына карата билим берүүчү уюмдардын учурдагы ремонтун аяктоонукамсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Билим берүү,илим жана жаштар саясаты министрлиги, облустардын мамлекеттик админист-рациялары 2006-2007-окуу жылынын башталышына карата курулуп жаткан мек-тептерди пайдаланууга тапшырууну камсыз кылышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн катуу контролдуктукамсыздасын жана көрүлгөн чаралар тууралуу бир айлык мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө маалымат берсин. 7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргооминистрлиги Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм минист-рлиги менен бирдикте төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизишсин: - текстиль тармагы үчүн жумушчу кадрларды даярдоо; - чет өлкөлөрдөгү жогорку текстилдик окуу жайларда кыргыз студент-терин окутуу. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясы, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы кызматы (макулда-шуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (макулдашуу боюнча),Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголь продукция-сын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигиспирттин жана алкоголдук продукциянын контрабандасына, ошондой эле ушулалкоголдук продукциялар үчүн жасалма акциздик маркаларга жана этикетка-ларга каршы күрөштү күчөтүү боюнча чараларды көрүшсүн. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкогольпродукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттикагенттиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы КыргызРеспубликасынын Финансы полициясы кызматы менен бирдикте контрафакттыкалкоголдук продукцияны чыгаруу менен иш жүргүзгөн юридикалык жактардыжана жеке адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн жана мый-замсыз иш-аракетке бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкогольпродукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттикагенттиги 2006-жылдын бюджетинин кирешелеринин коромжулуктарына жолбербөө максатында 2006-жылы алкоголдук продукция, спирт жана пиво чыга-руу боюнча дурус өсүш темпин жана көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсызкылсын. 11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча акциялардын мамлекеттик пакетинеэсептелген дивиденддердин түшүшүн жана бекитилген графиктерге ылайык1999-2003-жылдар үчүн карызды жоюуну толугу менен 2006-жылдын аягыначейин камсыз кылсын; - "Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын өзгөчө статусужана электр өткөргүчүнүн улуттук жогорку вольттуу линиясы жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун, "Кыргызэнерго" акционердик коомунмамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын IV этабын КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинде каралышын тездетүү боюнча иштердижүргүзсүн; - облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирдикте мамле-кеттик ишканалардын, мамлекеттин үлүшү бар чарбакер субъекттердин боштурган өндүрүштүк жайларын табышсын жана аларды чакан жана орто бизнессубъекттеринин пайдаланышы үчүн сунуш киргизсин. 12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салыкинспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикбажы инспекциясы 2006-жылга мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнчапланды толук көлөмүндө аткарууну кошумча тапшырмаларды эске алуу мененкамсыз кылышсын. 13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөлжана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик 2006-жылдын аягына чейин: - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте пилоттук долбоордунчектеринде төмөнкүлөр жөнүндө сунуш даярдасын жана Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин: - фондулук рынокто мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү жөнүндө; - финансылык инструменттердин жањы түрлөрүн жүгүртүүгө киргизүүжөнүндө. 14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары эмгекакы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнчаөткөн жылдар үчүн жергиликтүү бюджеттердин карыздарын жоюшсун. 15. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын башкар-малыктары менен бөлүмдөрү өзүлөрү тейлөөчү министрликтердин, мамлекет-тик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамле-кеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынын аткаруучулук тартибине тиешелүү иштерине дайыма талдоожүргүзүшсүн, зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунасунуш киргизишсин. 16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары мененбөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев