Редакцияот 08.09.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-сентябры № 638                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей               комплексин коргоо жана пайдалануу жөнүндө      "Сулайман-Тоо" улуттук  тарыхый-археологиялык  музей  комплексининмаанилүүлүгүн эске алып жана жаратылыштык-корук фондусунун объекттерин,анын аймагындагы тарыхый-маданий  мурастарды  сактоо  жана  пайдалануу,ошондой  эле  күтүү жана пайдалануу режимин "Тарыхый-маданий мурастардыкоргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу  жаратылыш  ай-мактары  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Ош  шаарынын  аймагында  жайгашкан "Сулайман-Тоо" улуттук тары-хый-археологиялык музей комплексинин корголуучу зонасынын чегарасы  кы-зыл линиянын чектеринде батыш багытында: Г.Айтиев көчөсү боюнча Курман-жан-Датка көчөсүнөн А.Навои көчөсүнө чейин,  чыгыш  багытында:  А.Навоикөчөсү боюнча Г.Айтиев көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейин, түштүкбагытында:  Курманжан-Датка көчөсү боюнча  А.Навои  көчөсүнөн  Г.Айтиевкөчөсүнө чейин бекитилсин.     2. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексининкорголуучу зонасына Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнчамамлекеттик органы жана маданият боюнча мамлекеттик  органы  менен  ти-йиштүү түрдө макулдашуусуз курулуштун бардык түрлөрүнө тыюу салынсын.     3. "Ош бириктирилген тарыхый-маданий музей-коругун түзүү  жөнүндө"Кыргызстан  Коммунисттик  партиясынын Борбордук Комитетинин жана КыргызССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 23-апрелиндеги N 242 токтому күчүнжоготту деп табылсын.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов